Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева класстардагы окуучулардын санын азайтып, нормага түшүрүү үчүн Бишкек шаарына дагы 50-60 мектеп курулушу керектигин билдирди. Бул тууралуу ал парламенттин тармактык комитетинин жыйынында билдирди.
"Бишкек шаарында мектептер трафиги өтө оор. Бүгүнкү кундө 120 миң балага ылайыкталган мектеп болсо, анда 270 миң бала окуп жатат. Быйыл эле 12 800 бала сырттан келди. Класста 30-36 бала окусун десек, өтө тездик менен 50-60 мектепке чейин салышыбыз керек", - деди министр.
Бишкектеги мектептердин жетишсиздиги улам көтөрүлүп келет. Айрым мектептерде бир класста 40-50дөн бала окуп жатканын, бул билим сапатына терс таасирин тийгизерин айтып, нааразы болгон ата-энелер бар.
Быйыл борбор калаадагы айрым мектептерде төрт нөөмөт менен окуп жатышканы белгилүү болгон.
Агартуу министрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө 1,5 миллион окуучу жалпы билим берүү мекемелеринде билим алат. 2374 мектеп иштейт, анын 2132си мамлекеттик, 242си менчик. Жалпы саны 97 миңдей мугалим балдарга билим берет. (КЕ)