Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:25

Акыйкатчы толук текшерүүсүз аскерге жарактуу деп табылган учурлар бар экенин айтты

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева кыргыз армиясында толук текшерүүсүз эле аскерге жарактуу деп табылган учурлар бар экенин белгиледи. Бул 2025-жылы 26 аскер комиссариатында жүргүзүлгөн мониторинг учурунда белгилүү болгонун парламенттин тийиштүү комитетинин жыйынында билдирди.

"Аскерге чакырылуучулардын укуктары, 2025-жылы 26 аскер комиссариатына жүргүзүлгөн мониторинг медициналык кароонун үстүртөн жүргүзүлөрүн жана шарттарынын начардыгын көрсөттү. Кээ бир учурларда жарандар толук текшерүүсүз эле аскерге жарактуу деп табылган. Коргоо министрлигине чара көрүү актысы жөнөтүлгөнү менен, аскердеги суициддик тобокелдиктерди эрте аныктай турган заманбап психологиялык баалоо ыкмалары дагы деле жетишсиз бойдон калууда", - деп айтылат акыйкатчынын баяндамасында.

13-октябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитети Акыйкатчы институтунун 2025-жылдагы ишмердүүлүгү, жарандардын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө баяндамасын укту.

Кыргыз армиясында кызмат өтөп жаткан жоокер ур-токмокко кабылган бир нече учур катталган.

2024-жылы декабрда Улуттук гвардияда кызмат өтөп жаткан жоокер ур-токмокко кабылып, оор абалда ооруканага түшкөн. Анын жакындары армиядагы ыдык көрсөтүүдөн бөйрөгү катуу жабыркап, баса албай жатканын айтып чыгышкан.

2025-жылы Жаза аткаруу кызматы өздөрүнө караштуу Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү бөлүгүнүн жоокери өз өмүрүнө кол салып, мерт болгонун ырастаган.

2025-жылы июнда Жалал-Абаддын Сузак районунун тургуну Имигүлсүн Сапарова баласы армияга баргандан бир апта өтпөй ооруп, жакындарын тааныбай жатканын айтып, "Азаттыкка" кайрылган.

Анын 18 жаштагы уулу Бакыт Базарбаев бир нече жолу медициналык комиссиядан өтүп, армияга жарактуу деп табылгандан кийин былтыр күзүндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаарындагы аскер бөлүгүнө кызмат өтөөгө жөнөтүлгөн. Бир аптадан кийин жакындарына ал ооруп жатканы тууралуу кабар келип, кийин Бишкектеги ооруканалардын биринен дарыланып чыккан. Ооруканадан чыккандан кийин Бакыт аскерде токмок жегенин "Азаттыкка" айтып берген. Министрлик бул маалыматтарды четке каккан.


Акыйкатчы институтунун маалыматында, 2025-жылдын сегиз айында Коргоо министрлигинин аскер госпиталына жалпысынан 783 адам кайрылса, анын 114ү катардагы жоокерлер. Январь-июль айларында сегиз аскер кызматкери жаракат алган. (КЕ)

Шерине

​
XS
SM
MD
LG