Манаста "Тазалык" жумушчуларынын кайрылуусун комиссия иликтейт

Манас шаары. 2024-жыл

Манас шаарында "Тазалык" муниципалдык ишканасынын жумушчуларынын кайрылуусун карап чыгуу үчүн атайын комиссия түзүлдү. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, комиссия жумушчулардын дооматтарын жеринде иликтеп, анын жыйынтыгы менен тиешелүү чечимдер кабыл алынат.

12-октябрда "Тазалык" ишканасынын айрым жумушчулары иш таштап, айлык акынын аздыгына, маяна толук жана өз убагында төлөнбөй жатканына, кошумча жумуш үчүн каралган каражат бөлүнбөгөнүнө нааразылыгын билдирип чыгышкан.

Ушул эле күнү аларды шаар мэри Уларбек Исмаилов кабыл алган.

Мэриянын басма сөз кызматы жумушчулар кадимки тартипте иштеп жатканын кошумчалады. (КЕ)

Дагы караңыз

Министр Кулубаев эрте кайрылса, Украинадагы согуштан алып калуу мүмкүн экенин айттыКендирбаева Бишкекте 50-60 мектеп курулушу зарылдыгын айтты"Мадинадагы" өрттө жабыркагандарга төлөнчү каражат 2027-жылдын бюджетине киргизилиши мүмкүнКыргыз циркине Казакстандын жараны Конокбаев директор болду