Чүйдө миграциялык мыйзамдарды бузган чет өлкөлүк 86 жаранга айып салынды

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы.

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы Чүйдө миграциялык мыйзамдарды бузган чет өлкөлүк 86 жаранга 582 миң 500 сом айып пул салынганын маалымдады.

Облустук милиция кабарлагандай 1-октябрдан 10-октябрга чейин чет элдиктер иштеген 18 ишкана текшерилип, мыйзам бузган чет өлкөлүк 86 жаран аныкталган. Бул иш-чараны Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чүй облусундагы башкармалыгы бирге жүргүзгөн.

Атайын кызмат буга чейин Кыргызстанга кирүү, каттоодон өтүү эрежелерин бузгандар, тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок иштеген чет өлкөлүктөр өлкөдөн чыгарылып, кийин кайра киришине тыюу да салынышы мүмкүн экенин эскерткен. (BTo)

Дагы караңыз

Активист Сыргак Кенжебаев 13-ноябрга чейин камакка алындыКулубаев Бишкек Ооганстан жана Африкадан мигрант кабыл алуу сунушун четке какканын билдирдиМанаста "Тазалык" жумушчуларынын кайрылуусун комиссия иликтейт Болгария: Кара деңизде эки кемеге сокку урулду. Орусиянын элчиси өкмөткө чакырылды Министр Кулубаев эрте кайрылса, Украинадагы согуштан алып калуу мүмкүн экенин айтты"Мадинадагы" өрттө жабыркагандарга төлөнчү каражат 2027-жылдын бюджетине киргизилиши мүмкүнКыргыз циркине Казакстандын жараны Конокбаев директор болдуДепутат Алиев сот бийлигин реформа кылыш керектигин айтты