Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы бардык деңгээлдеги маслихат депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону 29-ноябрга белгиледи. Мындай чечим БШКнын 13-октябрдагы жыйынында кабыл алынды.
Добуш берүүдө 228 жергиликтүү органга жалпысынан 3447 депутат шайланат. Анын ичинен 668 мандат облустук, 626 шаардык, 2053ү райондук маслихаттарда болот.
Мунун алдында президент Касым-Жомарт Токаев бардык маслихаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу жарлыкка кол койгон. Өкмөткө жана акимчиликтерге шайлоону уюштуруу жана каржылоо тапшырмасы берилген.
Токаев партиялык системадагы өзгөрүүлөргө байланыштуу маслихаттарды таратуу ниетин 24-сентябрда билдирген. Көпчүлүк депутаттар быйыл июнда түзүлгөн "Адилет" партиясы менен биригүү чечимин кабыл алган "Аманаттан" шайланган.
Президенттин айтымында, биригүү боюнча юридикалык процедуралар аяктагандан кийин депутаттык корпустун олуттуу бөлүгүнүн легитимдүүлүгү шек жаратмак.
“Аманат” көп жылдар бою бийликтин негизги партиясы болуп келген.
Казакстанда маслихаттарга мөөнөтүнөн мурда шайлоо 29-ноябрга белгиленди
Касым-Жомарт Токаев маслихат депутаттарынын форумунда сүйлөп жаткан учуру. 12-март, 2026-жыл.