Орусия Украинанын союздаштарына каршы гибриддик согушун күчөтүүдө, ал эми Иран Улуу Британиядагы аскердик объектилер сыяктуу олуттуу буталарга чабуул коюуга аракет кылууда. Бул тууралуу шейшембиде Британиянын MI5 ички чалгындоо кызматынын башчысы Кен Маккаллум билдирди.
Маккаллум мындай коркунучтар акыркы он жылда төрт эсе көбөйгөнүн жана анын мекемеси азыр аларга каршы күрөшүүгө "кансыз согуш" мезгилиндегиге караганда көбүрөөк ресурс жумшап жатканын айтты.
Орусия тууралуу сөз кылган MI5 башчысы мисал катары Германиядагы Лейпциг аэропортунда жүк ташуучу учакка кол салуу аракетин жана Польшанын энергетикалык инфратүзүмүнө жасалган кибератаканы атады.
«Орус агрессорлору Украинадагы аскердик ийгилиги чектелүү болуп, анын чыгымы өтө чоң болуп жаткан шартта Европа өлкөлөрүндөгү кырдаалды туруксуздаштырууга аракет кылып жатканы бекеринен эмес», - деди Маккаллум.
Ал Орусия «номер биринчи агрессор» бойдон калып жатканын белгиледи.
Москва Британиядагы жана башка Батыш өлкөлөрүндөгү кастык аракеттерге тиешеси бар экенин четке кагып келет. Орусия Германиядагы Лейпциг аэропортуна байланыштуу дооматтарды «атайын токулган» деп атаган.
Маккаллумдун айтымында, Иран менен байланышкан операциялар өткөн жылы 50дөн ашуун кишинин кармалышына алып келген. MI5 башчысы тергөө уланып жаткандыктан RAF Fairford авиабазасындагы окуя боюнча комментарий бере албастыгын айтты. Ошол эле учурда ал быйыл Ирандын «аскердик объектилер сыяктуу корголгон буталарга кол салууга басым жасоосунда» олуттуу өзгөрүү болгонун белгиледи.
Бир күн мурда Улуу Британиянын премьер-министри Эндрью Бернем Иранга сокку урууда америкалык бомбалоочу учактар пайдаланган авиабазанын айланасындагы болжолдуу пландын артында Тегеран турушу мүмкүн экенин билдирген. Сентябрь айында бир нече фургон менен келген шектүүлөр тобу объекттин жанынан кармалгандан кийин коопсуздук чаралары күчөтүлүп, Вашингтон учактарын базадан чыгаруу чечимин кабыл алган.
Тегеран бул айыптоолорду четке кагып, Улуу Британиядагы деструктивдүү аракеттерге тиешеси жок экенин билдирүүдө.
Reuters агенттиги жазгандай, MI5 башчысы 13-октябрдагы сөзүндө жасалма интеллектти кыянат пайдаланууга байланыштуу эң чоң кооптонуу террористтердин биологиялык курал жасап же жаңы патогендерди жаратышы мүмкүн экенине байланыштуу экенин айткан.