Ооганстандагы башкаруучу "Талибан" кыймылы Би-би-би радиосунун бүт өлкө боюнча уктурууларын токтотту. "Талибандын" Маалымат жана маданият министрлигинин басма сөз катчысы Хубайб Гуфран мындай чечим телерадиокомпаниянын "кайталап мыйзам бузууларынан" улам кабыл алынганын билдирди. Бирок сөз кандай мыйзам бузуу тууралуу болуп жатканы айтылган эмес.
Би-би-си редакциясы кырдаалды жөнгө салуу үчүн иштеп жатканын жана кыска жана орто толкун, онлайн жана спутник аркылуу Ооганстандагы аудиторияга уктуруулар улантып жатканын билдирди.
Би-би-синин Ооган кызматы 1981-жылдан бери иштейт. Ал 5,4 миллион угарманды камтыйт жана бул улуу курактагы калктын 20 пайыздан ашыгын түзөт. Би-би-си 2022-жылы талибдер "Америка добушу" жана "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна тыюу салгандан кийин өлкөдөгү жападан жалгыз эл аралык телерадиокомпания болуп кала берди.
"Талибан" тобун АКШ жана Евробиримдик террордук уюм деп тааныган. Ал 2021-жылдын августунда Ооганстанда бийликке кайтып келип, катуу цензурадан улам ал жерде журналисттердин ишин бир топ кооптуу кылып койду. Андан тышкары, талибдер интернетти кайра-кайра жапкан.
Европалык өлкөлөр талибдер Ооганстандагы бийликти кайрадан басып алган 2021-жылы Кабулдагы элчиликтерин жапкан.
Талибдер адам укуктарын, өзгөчө аялдардын укуктарын одоно бузуп, эркиндиктерин катуу чектеген.
"Талибан" Ооганстанда Би-би-си радиосунун уктурууларын токтотту
Кабулдагы көчөлөрдүн биринде турган талибдердин коопсуздук кызматынын өкүлү.