Киевде ракета чабуулунан каза болгондор арасында сегиз жашар бала бар экени айтылды

Киев. 2026-жылдын 14-октябры.

Орусиянын аскерлери 13-октябрдын кечинде Киевге баллистикалык ракеталар менен сокку урду. Чабуулдан кийин урандылардын алдынан дагы бир адамдын сөөгү табылып, каза болгондордун саны үчкө жетти.

Киевдин мэри Виталий Кличконун маалыматына караганда, Деснянский районундагы тогуз кабаттуу турак жайдын урандыларынан эки адамдын сөөгү табылган. Жалпысынан 21 киши жабыркап, алардын арасында сегиз жаштагы бала да бар.

Мэрдин айтымында, жараат алгандардын 16сы ооруканага жаткырылды. Төрт адамдын абалы оор деп бааланууда. Чабуулдан кийин көп кабаттуу үйдүн биринчи кабатынан сегизинчи кабатына чейин батирлерде өрт чыгып, жогорку кабаттардагы тургундар эвакуацияланган.

Украинанын президенти Владимир Зеленский ракеталык соккудан турак жайдан тышкары Киевдеги ЖЭБ-4 да жабыркаганын билдирди. Анын айтымында, чабуул алдында Украина өнөктөш өлкөлөрдөн эскертүү алган эмес.

Буга чейин Financial Times басылмасы өз булактарына таянып, АКШ өкүлдөрү Украинанын мунай иштетүүчү заводдорго жасаган соккуларына байланыштуу Киев менен чалгын маалыматтарын бөлүшүүнү токтотуу мүмкүндүгүн эскертишкенин жазган. Бирок кийинчерээк Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига маалымат алмашуу улантылып жатканын билдирген. АКШ президенти Дональд Трамп да мындай кызматташтык токтотулганын четке каккан.

Дагы караңыз

"Талибан" Ооганстанда Би-би-си радиосунун уктурууларын токтоттуБишкекте тыгын маселесин чечүүдө жеке машине пайдаланууга чектөө киргизилбейтБританиянын чалгын кызматынын башчысы Орусияны "биринчи агрессор" деп атадыКазакстанда маслихаттарга мөөнөтүнөн мурда шайлоо 29-ноябрга белгиленди