"Мадина" базарынын соодагерлери кайрадан нааразылыкка чыгышты

"Мадина" базарынын соодагерлери башка базарга көчүүгө каршы. 14-октябрь, 2026-жыл.

Бишкектеги "Мадина" базырынын 20дай соодагери 14-октябрда кайрадан нааразылыкка чыгып, жаңы базарга көчүүгө каршы экенин билдиришти. Алар өрттө жабыркагандарга төлөнчү кенемте маселесин көтөрүп, учурдагы соода кылган орундарын кызылдай акчага сатып алганын айтууда.

Соодагерлердин айтымында, тийиштүү мекемелер базарды бошотуп чыгууга 10 күн убакыт берген.

30-августта базарда өрт чыгып, жалпы 50дөн ашуун контейнер күйгөн. Өрттөн кийин жабыр тарткан соодагерлер бийлик убада кылган жардамдан кабар жок экенин айтып чыгышкан.

Бишкек мэриясы мындан аркы төлөм жана компенсация маселеси тиешелүү тергөө жана текшерүү иш-чаралары аяктап, келтирилген чыгымдын акыркы өлчөмү аныкталгандан кийин караларын билдирген.

Вице-мэр Кубанычбек Иманалиев 13-октябрда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитетинин жыйынында өрттөн жабыркагандарга кенемте төлөө маселесин атайын комиссия текшерип, аныктап жатканын билдирген. Төлөнчү каражат келерки жылдын бюджетине киргизилиши мүмкүн.

Өрткө чейин соодагерлерге базарды 1-августтан тартып бошотуу талабы коюлуп, базар жетекчилиги келишимди бир тараптуу токтотконун айткан. Нааразы болгон соодагерлерге мэрия үч айлык убакыт кошуп берерин убада кылган. Мындан тышкары өрттөн жабыркаган ишкерлерге жардам бериле турганы да айтылган.

"Мадина" базарын Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Турсунтай Салимов негиздегени коомчулукка белгилүү. Ал 2023-жылы кримтөбөл атыккан Камчы Көлбаевди каржылаган деген айып менен кармалып, 2024-жылдын март айында үй камагына чыккан. Ошол эле жылы базардын ээси алмашканы белгилүү болгон.

Сот экстремисттик деп тапкан "Клооп" басылмасы менен журналист Болот Темиров 2024-жылы жарыялаган иликтөөдө Салимовдун "Мадина" базары көмүскө аткезчи империя түзгөнү айтылган Хабибулла Абдукадырдын жакындарына, жанындагы жер президенттин жакын адамдарына катталган компанияларга өтүп кеткени белгиленген.

Президент Садыр Жапаровдун администрациясы журналисттик иликтөөдө айтылган маалыматты четке кагып, “президентти жана анын жакындарын каралоо” деп билдирген. Абдукадыр былтыр журналистти жана басылманы журналисттик иликтөөсү үчүн сотко берген. (КЕ/DSh)

Дагы караңыз

Мунай ташуучулар субсидия алуу үчүн 1 млрд 407 млн сомго арыз бердиКиевде ракета чабуулунан каза болгондор арасында сегиз жашар бала бар экени айтылды Бишкекте тыгын маселесин чечүүдө жеке машине пайдаланууга чектөө киргизилбейтСпикер Маматалиев "депутаттар парламентке өз күчү менен шайланганын" айтты