Президент Жапаров Бакуда Азия кеңешмесинин саммитине катышууда

Азиядагы Өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин жетинчи саммити. 15-октябрь, 2026. Баку

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-октябрда Баку шаарында Азиядагы Өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин жетинчи саммитине катышууда.

"Ынтымак ордо" кабарлагандай, иш-чаранын алкагында мамлекеттердин, өкмөттөрдүн жана эл аралык уюмдардын башчылары өз ара кызматташтык, санариптештирүү жана туруктуу өсүш маселелери боюнча аймактык алаканы тереңдетүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Кеңешменин жыйынтыгында кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган бир катар документтерди кабыл алуу күтүлүүдө.

Жапаров Азербайжанга иш сапар менен 14-октябрда барган. (КЕ)

Дагы караңыз

Украина Орусиянын аскердик аэродрому менен мунай заводуна сокку урду Бишкек-Ош жолунда кичи автобустар менен жүргүнчү ташууга майга чейин тыюу салынды Евробиримдик орусиялыктардын туристтик сапарына тыюу салуу мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатат Орусия Кировоградга жапырт сокку урду. Үч киши каза таап, алтоо жараат алды