Пакистанда мектептин чатыры урап, кеминде 27 окуучу-мугалим каза болду

Пешаварда чатыры кулаган мектепте жараат алган баланы куткаруу учуру. 15-октябрь, 2026

Бейшембиде Пакистандын Пешавар шаарында мектептин чатыры урап, кеминде 28 киши каза болду. Алардын 27си окуучу, бирөө мугалим экенин Би-би-сиге шаардагы оорукананын басма сөз катчысы Леди Рединг Мохаммад Асим билдирди. Асимдин айтымында, жараат алган 19 кишинин бешөө оор абалда. Каза болгондор жана жараат алгандар 6-12 жаштагы балдар. Алардын көбү башынан жабыркаган.

Куткаруучулар урандылар астында дагы балдар болушу ыктымалдыгын белгилеп жатышат. Пешавар полициясынын башчысы Миан Саиддин айттымында, мектепте 110 окуучу болгон.

Кырсык Хайбер-Пахтунхва провинциясынын борбору Пешавардын түндүгүндөгү Дир-Колони районунда жайгашкан "Аль-Хаир билим берүү борбору" деп аталган менчик мектепте катталды.

Куткаруу кызматынын өкүлү журналисттерге билдиргендей, мектептин үчүнчү кабатынын үстүндөгү чатыр урап түшүп, үчүнчү жана экинчи кабаттардын ортосундагы үстү жабык жерге түшкөн. Ал дагы салмакты көтөрө албай, ылдыйкы кабаттардагы класстарда отурган окуучулардын үстүнө кулаган.

Чатырдын кулашына эмне себеп болгону азырынча аныктала элек. Бирок полиция жетекчиси Саид өзүндөгү маалыматка таянып, маселе имараттын начар курулганына байланыштуу экенин айтты.

Провинциянын башчысы Файсал Карим Кунди аймактагы бардык мектептерди текшерип чыгууну буюрду.

Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф каза болгондордун жакындарына жана жараат алгандарга көңүл айтты. Президент Асиф Али Зардари Х социалдык тармагына окуя бүтүндөй өлкөнү нес кылганын жазып, көңүл айтты.

Дагы караңыз

Украина Орусиянын аскердик аэродрому менен мунай заводуна сокку урду Бишкек-Ош жолунда кичи автобустар менен жүргүнчү ташууга майга чейин тыюу салынды Евробиримдик орусиялыктардын туристтик сапарына тыюу салуу мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатат Орусия Кировоградга жапырт сокку урду. Үч киши каза таап, алтоо жараат алды