Украинада Орусиянын соңку чабуулдарынан борбор калаа Киевдин айрым райондорунда электр жарыгы өчүп, энергетикалык инфраструктура жабыркады. Бул тууралуу 15-октябрдын кечинде калаа мэри Виталий Кличко жана өлкөнүн Энергетика министрлиги билдирди.
"Коопсуздук шарттары мүмкүнчүлүк түзүлөр замат бригадалар ыкчам түрдө электр жарыгын калыбына келтирүүгө киришип жатышат. Энергетиктер жарыктын болушунча эртерээк берилиши үчүн колунан келгендин баарын кылууда", - деп билдирди министрликтин басма сөз кызматы.
Кличконун айтымында, борбор калаанын айрым райондорунда электр энергиясы өчкөндүктөн калкты суу менен камсыздоодо да маселе жаралууда.
Ушундай эле көйгөй Волын облусунда жаралды. Учкучсуз учактардын соккусунан электр линиялары зыянга учурап, жарык жана суу жагынан көйгөй жаралып жатат. Бул тууралуу облустук аскердик администрациянын башчысы Роман Романюк айтты.
Ал тапта The New York Times (NYT) басылмасы Орусия бир ай ичинде Киев, Харьков жана Одесса аймактарынын энергетика тармагын талкалоону пландап жатканын жазды.
Басылманын маалыматына караганда, бул планын ишке ашырыш үчүн орус бийлигине 70 баллистикалык ракета, 720 согуштук дрон жана башкарылуучу 150 бомба талап кылынат. Эгер план ишке ашса Киев, Харьков жана Одесса энергия кубаттуулугунун 90 пайызынан ажырашы ыктымал.