Баткенде Кожо-Ашкан дарыясына агып кеткен адамдын сөөгү табылды

Куткаруучулар. Иллюстрациялык сүрөт.

Баткендеги Кожо-Ашкан суусуна 10-августта агып кеткен адамдын сөөгү 16-октябрда табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады.

Издөө иштерин ӨКМдин куткаруучулары, милиционерлер жана ыктыярчылардан турган топтор тиешелүү техниканын жардамы менен жүргүзүп келишкен. 16-октябрда изделип жаткан адамдын сөөгү табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

48 жаштагы Б.Д. аттуу эркек киши быйыл 10-августта Төрт-Гүл айыл аймагындагы Кулп жайлоосунда Кожо-Ашкан дарыясына агып кеткен.

Расмий маалыматтарга караганда, былтыр алты айда 46 киши сууга чөгүп же агып каза болгон. Алардын тогузу Ысык-Көлдө катталган. 2023-жылы Кыргызстанда 95 адам сууга агып же чөгүп каза тапкан, анын ичинен 36сы балдар. (JsA/ZKo)

Дагы караңыз

Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасына зым тартылып бүттү Алма менен мистеден кантип миллион тапса болот?Бөлтүрүк баштаган "Шумкар" кыймылынын маалыматтары экстремисттик деп жарыяландыРим папасы Путинди Олешкиге соккуну токтотууга чакырдыСогушта каза тапкан орусиялыктардын кеминде 281 миңинин аты-жөнү аныкталды