17-октябрга караган түнү Украинанын дрондору Москва облусуна чабуул койгонуна байланыштуу Москвадагы аэропорттор учактарды кабыл алуу жана жөнөтүү боюнча чектөө киргизди. "Медуза" басылмасы онлайн-таблолордун маалыматтарын талдап, жалпысынан 350дөн ашык каттам кармалып же токтотулганын, алардын көбү Шереметьево аэропортунда экенин жазды.
Airports.ru сайтынын маалыматына караганда, Санкт-Петербургдагы Пулково аэропортунда 32 каттам токтотулуп, 140ы кармалган. Шереметьеводо 53 каттам кармалып, 143ү токтотулган. Внуководо 113 каттам кармалып, 55и токтотулса, Домодедоводо 59 каттам кармалган.
Москвага багыт алган айрым учактар башка шаарларга кондурулган. "Осторожно, новости" басылмасынын маалыматына караганда, Нижний Новгородго "Аэрофлот" жана FlyDubai авиакомпанияларынын учактары конгон. Жүргүнчүлөр Москвага автобус менен жеткирилери айтылган.
Анталиядан Москвага учкан учак Санкт-Петербургга кондурулган. Жүргүнчүлөргө Пулково аэропортундагы чектөөлөр алынгандан кийин Москвага учуу мүмкүнчүлүгү берилери айтылган.
Москванын мэри Сергей Собянин Орусиянын борборун көздөй учуп келе жаткан 75 дрон жок кылынганын билдирди. Буга чейин түн ичинде дагы 69 учкучсуз учуучу аппарат жок кылынганы кабарланган. Ошентип, Москвага багыт алган жалпысынан 144 дрон атып түшүрүлгөнү айтылды.
Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, түн ичинде өлкө боюнча 600дөн ашык учкучсуз аппарат жок кылынган же кармалган. Москва, Пенза, Саратов жана Сочи шаарларындагы аэропорттордун иши да убактылуу токтотулган.
Орусиянын Украина менен чектеш аймактарынын бийликтери да дрон чабуулдары тууралуу кабарлашты. Белгород облусунда бир нече ишкана жана инфраструктуралык объектилер бутага алынып, кыйроолор катталганы маалымдалды.
Курск облусунун губернатору Александр Хинштейндин билдиришинче, Рыльск районундагы Куйбышев атындагы кыштакта дрон кант заводуна чабуул койгон. Натыйжада 56 жаштагы аял жаракат алган.
Буга чейин, 16-октябрга караган түнү, Москвадагы төрт аэропорт тең алты сааттай иштеген эмес.
Украинанын бийлиги бул чабуулдар тууралуу расмий комментарий бере элек. Бейшемби күнү The Atlantic журналынын журналисти Саймон Шустер өз булактарына таянып, Украина Орусиянын аэропортторунун ишин үзгүлтүккө учуратууга багытталган аракеттерин күчөтөрүн жазган.