18-октябрга караган түнү жана эртең менен Чүй облусунун түндүк бөлүгүндө, Талас облусунун Кара-Буура районунда жана Ысык-Көл облусунун Түп районунда 0...-2° чейин үшүк жүрөт.
Мындай үшүк мөмө-жемиштерге, жашылчаларга, ошондой эле казылып алынып, жабылбай калган картошка менен кант кызылчасына коркунуч жаратат.
18-октябрда түнкүсүн Ош жана Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондордо карга айланат. Күндүз Ош, Баткен жана Нарын облустарынын айрым аймактарында жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзүп, күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө: түнкүсүн 1...6°, күндүз 17...22°
Талас өрөөнүндө: түнкүсүн 1...6°, күндүз 12...17°
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында: түнкүсүн 8...13°, күндүз 20...25°
Ысык-Көл облусунда: түнкүсүн 1...6°, күндүз 13...18°
Нарын облусунда: түнкүсүн 0...-5°, күндүз 12...17°
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзөт. Абанын температурасы түнкүсүн 2...4°, күндүз 18...20° болот.
Шерине