"KhIMIO 2026" эл аралык олимпиаданын болбой калгандыгына байланыштуу кыргызстандык ата-энелер жана мугалимдер Тажикстандын жана Кыргызстандын билим берүү жана илим министрлерине, Кыргызстандын Тажикстандагы элчилигине кайрылуу жолдошту. Алар аталган олимпиада уюштуруудагы шалаакылыктан улам өтпөй калганын, катышууга расмий чакыруу алган окуучулар бир нече ай бою даярданышканын билдиришти.
Кайрылууда Тажикстандын Билим берүү жана илим министрлигинен келген катта "өлкөдөгү мамлекеттик иш-чаралардын планы жана Эгемендиктин 35 жылдыгына карата даярдыктар, уюштуруу жана кадр ресурстарынын жетишсиздиги" себеп болгону айтылганы белгиленген жана бул шылтоо деп сыпатталган.
"Бул шылтоо эл аралык деңгээлдеги иш-чараны пландаштырууда өтө олуттуу шалаакылык, жоопкерсиздик жана кесипкөйлүктүн жоктугу экенин ачык айтып турат. Мамлекеттик деңгээлдеги юбилейлик майрамдар алдын ала бир нече жыл мурун пландаштырылат. Андай учурда эмне себептен расмий чакыруу жөнөтүп, башка өлкөнүн жарандарына убада берип, убактысын жана каражатын короттуңар? Биз уюштуруучулардын өкүнүчүн кабыл алабыз, бирок келген расмий жоопто эң башкы маселе - биз тарткан каржылык жана моралдык чыгымдарды толтуруу тууралуу бир дагы сөз козголгон эмес. Сиздердин уюштуруудагы катаңыздардын айынан ондогон үй-бүлө учак билеттерине, виза, документ жана уюштуруу иштерине ири көлөмдөгү кайтарылгыс каражатты коромжуга учуратышты. Балдарыбыздын айлап-жылдап кылган мээнети, психологиялык абалы жана эл аралык билим берүү институттарына болгон ишеними талкаланды", - деп жазылган кайрылууда.
Ата-энелер жана мугалимдер кыргызстандык катышуучулардын (окуучулардын, мугалимдердин жана коштоп баруучулардын) сатып алынган учак билеттерин жана башка каржылык чыгымдарын толугу менен Тажикстан тарап төлөп берүүсүн талап кылууда. Ошондой эле уюштуруучулардын жоопкерчилигин кароо, расмий кечирим суроо керек экенин да айтып жатышат.
Мектеп окуучуларынын математика жана информатика боюнча "KhIMIO 2026" эл аралык олимпиадасы Тажикстандын борбору Дүйшөмбүдө 20-25-октябрь күндөрү өтмөк. Аталган олимпиада буга чейин июнь айында Өзбекстанда, июлда Кытайда өткөн. (ZKo)
Шерине