Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:49

Баткенде Кожо-Ашкан дарыясына агып кеткен адамдын сөөгү табылды

Куткаруучулар. Иллюстрациялык сүрөт.
Куткаруучулар. Иллюстрациялык сүрөт.

Баткендеги Кожо-Ашкан суусуна 10-августта агып кеткен адамдын сөөгү 16-октябрда табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады.

Издөө иштерин ӨКМдин куткаруучулары, милиционерлер жана ыктыярчылардан турган топтор тиешелүү техниканын жардамы менен жүргүзүп келишкен. 16-октябрда изделип жаткан адамдын сөөгү табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

48 жаштагы Б.Д. аттуу эркек киши быйыл 10-августта Төрт-Гүл айыл аймагындагы Кулп жайлоосунда Кожо-Ашкан дарыясына агып кеткен.

Расмий маалыматтарга караганда, былтыр алты айда 46 киши сууга чөгүп же агып каза болгон. Алардын тогузу Ысык-Көлдө катталган. 2023-жылы Кыргызстанда 95 адам сууга агып же чөгүп каза тапкан, анын ичинен 36сы балдар. (JsA/ZKo)

Шерине

​
XS
SM
MD
LG