Орусиянын Санкт-Петербург шаарында жана Ленинград облусунда маймыл чечегин жуктуруу ыктымалдыгына байланыштуу санитардык-эпидемиологиялык иликтөө башталды.
Беш адам ооруканага жаткырылып, дарыгерлердин көзөмөлүнө алынганын орусиялык маалымат каражаттары Санкт-Петербург жана Ленинград облусу боюнча Роспотребнадзордун аймактар аралык башкармалыгына шилтеме кылып кабарлашты.
Мекеменин маалыматына караганда, эпидемиологиялык иликтөөнүн алкагында оорулуу менен байланышта болгон адамдар аныкталууда.
"Беш адам ооруканага жаткырылып, медициналык көзөмөлгө алынды. Дезинфекция жүргүзүүгө көрсөтмө берилди", - деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.
Роспотребнадзор маймыл чечегин аныктоо үчүн вирусту кыска убакытта табууга мүмкүндүк берген заманбап, жогорку технологиялуу тест-системалар иштелип чыгып, каттоодон өткөнүн белгиледи.
"Эпидемиологиялык иликтөө уланууда. Кырдаал Санкт-Петербург жана Ленинград облусу боюнча Роспотребнадзордун аймактар аралык башкармалыгынын көзөмөлүндө", - деп кошумчалады мекеме.
15-октябрда Москва облусунда да маймыл чечегине шектелген адам менен байланышта болгондордун дагы бешөө алдын алуу максатында ооруканага жаткырылган. Аймактык Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, аларда оорунун белгилери болгон эмес, абалы канааттандырарлык деп бааланган. Алардан анализдер алынып, медициналык көзөмөл белгиленген.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) маалыматы боюнча, маймыл чечеги - сейрек кездешүүчү вирустук инфекция. Ал тарыхый жактан Борбордук жана Батыш Африканын айрым аймактарында кеңири тараган. Оору адамдан адамга жугушу мүмкүн.
Анын белгилерине жүрөк айлануу, дене табынын көтөрүлүшү, териде бүдүр пайда болушу, кычышуу жана булчуңдардын оорушу кирет. COVID-19 вирусунан айырмаланып, маймыл чечеги кадимкидей аба аркылуу жукпайт. Ал негизинен теринин жабыркаган жери тийип кетсе же шилекей жана булганган буюм аркылуу жугушу мүмкүн.
Мындан тышкары, вирустун жаныбарлардан адамга жугуу коркунучу да бар. Маймыл чечеги иммунитети начар адамдар үчүн кооптуу болушу мүмкүн. Ооруну дарылоого болот, ага каршы вакциналар да иштелип чыккан. Инфекция лабораториялык анализдер жана ПЦР-тесттер аркылуу аныкталат.
Шерине