17-октябрга караган түнү Орусиянын аскерлери Украинанын Славянск, Херсон, Харьков жана Запорожье шаарларына сокку урду. Кеминде төрт адам каза болуп, ондогон киши жаракат алды. Винница шаары жарыксыз калды.
Донецк облусундагы Славянск шаарына орусиялык аскерлер башкарылуучу авиабомбалар менен сокку урган. Шаардык аскердик администрациянын башчысы Вадим Лях билдиргендей, кеминде бир адам каза болуп, 10 киши жаракат алган. Кыйраган имараттардын урандыларынын астында адамдар калышы ыктымалдыгы айтылууда.
Өткөн суткада Славянск шаарында жалпысынан 16 адам жабыркаган. Алардын арасында 17 жаштагы кыз да бар.
Херсон шаарынын бийлигинин маалыматына караганда, ишемби күнү таңга маал орусиялык аскерлер бир сааттын ичинде шаарга эки жолу сокку уруп, сегиз авиабомба таштаган. Натыйжада Корабельный районундагы социалдык инфраструктура объектилери жана турак үйлөр жабыркаган.
Херсон шаардык администрациясынын башчысы Ярослав Шаньконун билдиришинче, экинчи сокку биринчи чабуулдан жаракат алгандарга жардам көрсөтүү үчүн дарыгерлер келген учурда урулган. "Тез жардам" унаасынын айдоочусу алган жаракаттарынан улам каза болуп, медицина кызматкери жаракат алган. Ошондой эле 20 адам жабыркаганы, алардын арасында бир айлык жана 11 жаштагы балдар бар экени кабарланды.
Ишемби күнү эртең менен Запорожье шаары да орусиялык соккуга кабылган. Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматынын маалыматына ылайык, баллистикалык ракеталар менен урулган соккудан беш адам, анын ичинде бир бала жаракат алган. Бир нече турак жай жабыркаган.
Орусиянын Коргоо министрлиги Запорожьеге сокку урулганын ырастап, билдирүүсүндө "Запорожсталь" металлургиялык комбинатына жана "Запорожтрансформатор" ишканасына жогорку тактыктагы курал менен жапырт чабуул коюлганы маалымдады.
Харьков облусунун аскердик администрациясынын башчысы Олег Синегубовдун маалыматына караганда, өткөн суткада Харьков шаары жана облустагы дагы 10 калктуу конуш орусиялык аба чабуулдарына кабылган. Эки адам каза болуп, 41 киши жаракат алган.
Ровно облусундагы өнөр жай ишканасына урулган соккудан дагы эки адам жаракат алган.
Винница облусуна Орусиянын толук масштабдуу баскынчылыгы башталгандан берки эң катуу соккулардын бири урулганы кабарланды. Инфраструктура объектилери жабыркап, адамдар жаракат алган. Винница шаары электр жарыгысыз калды. Шаар мэри Сергей Моргуновдун маалыматына ылайык, маанилүү инфраструктура объектилери резервдик электр булактары менен иштеп жатат. Электр транспорту токтогон.
Орусиянын энергетикалык объектилерге жасаган чабуулдарынан кийин Житомир облусунда да жүз миңдеген адам электр жарыгысыз калган.
Украинанын Энергетика министрлиги орусиялык аскерлер өлкөнүн 10 облусундагы энергетикалык объектилерге сокку урганын билдирди. Алар - Винница, Волынь, Донецк, Запорожье, Житомир, Одесса, Ровно, Тернополь, Хмельницкий жана Харьков облустары.
Украинанын президенти Владимир Зеленский бир сутканын ичинде өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы электр энергиясын өндүрүүчү же өткөрүүчү 15тен ашык маанилүү объект чабуулга кабылганын билдирди. Анын айтымында, Орусия кыш келгенге чейин Украинаны электр жарыгысыз калтырууга аракет кылууда.
Украинанын Аба күчтөрүнүн маалыматына караганда, өткөн түнү 293 дрон атып түшүрүлгөн. Дрондордун соккулары жана алардын сыныктары түшкөн учурлар 25 жерде катталган.