Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Кыргызстанда электр энергиясына таңкыстык бар экенин белгилеп, ал импорттун эсебинен жабылып жатканын айтты.
Бул тууралуу министр Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш комитетинин 19-октябрдагы жыйынында билдирди. Рысбеков Кыргызстан 4 млрд кВт саат электр энергиясын сатып алып жатканын, эртең менен жана кечинде кубаттуулук жетишпей калган учурлар болорун белгиледи.
"Эртең мененки жана кечки максимум деген бар, ошол учурда кубаттуулуктун жетишпей калган учурлары болуп калышы ыктымал. Импорт менен жаап жатабыз, бирок биз сатып алып жаткан кошуна мамлекеттер керектөө көбөйгөн учурда аларда дагы бизге электр энергиясын берүү мүмкүнчүлүгү болбой калат. Ошол учурда кубаттуулук боюнча маселе жаралып калышы мүмкүн. Биздин даярдык боюнча маселе жок, азыркы учурда өчүрүү же чектөөгө байланыштуу пландалган иш-чаралар жок. Керектөө көбөйүп, кубаттуулук жетишпей калган учурда кандайдыр бир иш-чараларды жүргүзүүгө туура келет", - деди министр.
Мурдагы энергетика министри Таалайбек Ибраев былтыр Кыргызстандын энергетика тармагы эки жылдын ичинде кризистен чыгарын билдирген.
2025-жылы Токтогул суу сактагычында суу аз топтолуп, ноябрдын башынан тартып Кыргызстанда калк үчүн электр энергиясынын кубаттуулугуна чектөө киргизилген.
Кыргызстан жыл сайын 17,5 млрд кВт саат электр энергиясын колдонот деп эсептелсе, анын 14,8 миллиарды гана өлкөдө өндүрүлөт. Калган айырманы импорттун эсебинен жабууга туура келет жана өкмөт электр жарыгын Түркмөнстандан, Казакстандан, Орусиядан, Өзбекстандан сатып алат. (КЕ)