Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15-октябрга карата 11 млрд 345 млн метр кубду түздү. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков парламенттин тармактык комитетинин жыйынында өкмөттүн күз-кышка даярдыгы боюнча маалымат берип жатып билдирди. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине карата көп же аз экени айтылган жок. Ошол эле учурда Кыргызстан 15-октябрга карата кошуна өлкөлөрдөн 3 млрд жакын электр энергиясын сатып алган.
Бишкек ЖЭБине 1 млн 520 миң тонна көмүр керектелсе, учурда 440 миң тоннага камсыздалды. Ал эми жалпы көмүргө муктаждык 3 млн 323 миң тоннаны түзөт.
Министр 2027-жылы өлкө боюнча "акылдуу эсептегичтер" орнотуларын, ал жабдыктар 100% сырттан сатып алынарын кошумчалады. Рысбековдун айтымында, акыркы эки жылда 900 миңдей эсептегич орнотулду.
Депутат Улукбек Ормонов эсептегичтерди Кыргызстандын өзүнөн чыгаруу маселесин көтөрүп, өкмөттү муну эске алууга чакырды.
Энергетика министрлигинин жыйында берген маалыматына караганда, быйыл өлкөдө электр энергиясын керектөө 19,6 млрд кВт/саатка жетери күтүлүүдө. Анын 15,5 млрд кВт/сааты өлкө ичинде өндүрүлсө, 4,1 млрд кВт/саатты импорттоого туура келет. Өлкөнүн жылдык керектөөсүнүн болжол менен 21% импорттун эсебинен жабылат.
2025-жылы Токтогул суу сактагычында суу аз топтолуп, ноябрдын башынан тартып Кыргызстанда калк үчүн электр энергиясынын кубаттуулугуна чектөө киргизилген. Күнүнө эки ирет: эртең мененки жана кечки убактарда “акылдуу эсептегичтерде” 5 кВт кубаттуулук 3 кВтка чейин түшүрүлгөн.
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү тууралуу былтыр май айынан тартып ачык маалымат берилбей калган.
Ага чейин күн сайын маалымат берип келген “Электр станциялары” ишканасы мындай билдирүүнү Улуттук коопсуздук комитети өңдүү мамлекеттик органдарга расмий кайрылып гана алса болорун билдирген. (КЕ)
Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 11 млрд 345 млн метр кубду түздү
Токтогул суу сактагычы. Июль, 2024-жыл