Быйыл Орозо айы 8-февралда башталышы мүмкүн

Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл Орозо айы болжолдуу 8-февралда башталат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан "Азаттыкка" билдиришти. Мекеменин басма сөз кызматы так маалымат Рамазанга жакын берилерин кошумчалады.

Былтыр Орозо айы 19-февралда башталган.

Рамазанда мусулмандар бир ай орозо кармайт. Орозо Айт майрамы менен жыйынтыкталат.

Ар кандай маалыматтырга ылайык, ислам динин дүйнөнүн 120дан ашык өлкөсүндө жашаган бир жарым миллиардга жакын адам карманат. (КЕ)

Дагы караңыз

Энергетика министри керектөө көп болгон учурда электр энергиясы өчүшү мүмкүн экенин билдирдиТүркия АКШ менен келишимдин алкагында Орусиянын дизелин сатып алат Президент Жапаров казакстандык оппозиционер Аблязовдун акча тууралуу айтканын четке какты