Рубио: Вашингтон Ташкент менен кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин жолугушуусу. Самарканд, 19-октябрь, 2026-жыл.

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио 19-октябрдын кечинде Самарканд шаарында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушууда Вашингтон Борбор Азиянын экономикалык өнүгүүсүнө катышууну кааларын жана Ташкент менен кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Жолугушуу америкалык делегациянын Өзбекстанга сапарынын алкагында өттү. Рубионун айтымында, анын командасы бул сапарга бир нече айдан бери, былтыр Вашингтондо өткөн «С5+1» форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушуудан баштап даярданган.

Жолугушуунун башында Мирзиёев АКШ президенти Дональд Трампка салам айтып, жакшы каалоолорун жеткирип коюуну өтүндү. Ал ошондой эле декабрь айында Маямиде аны менен жолугушууга үмүттөнөрүн айтты.

Өз кезегинде Рубио Мирзиёевге америкалык делегацияны чакырганы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Өзбекстанга биринчи жолу келип жатканын жана бул сапар жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатканына кубанычта экенин кошумчалады.

Рубионун сөзүнө караганда, учурда аймактын экономикасы өнүгүп жатат жана АКШ бул процесске катышууну каалайт.

«Биз бул жолугушууларга катышып жаткан ар бир өлкө өз кызыкчылыгы бар эгемен мамлекет экенин так түшүнүү менен келип жатабыз», — деди Рубио.

Мамлекеттик катчынын айтымында, Өзбекстан менен АКШнын кызыкчылыктары дал келген тармактарда кызматташууга чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Бирок натыйжага жетүү үчүн билдирүүлөр жетишсиз, конкреттүү иштер керек.

Ал мамлекеттик мекемелер менен жеке сектордун ортосундагы кызматташтык эки тарапка тең пайда алып келерине үмүттөнөрүн билдирди. Анын айтымында, тараптар мамлекеттик түзүмдөрдүн жана жеке ишкерлердин биргелешкен иши кандай натыйжа берерин көрсөтүүнү көздөп жатышат.

Буга чейин Рубио Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, Самарканддын тарыхый борборун кыдырган.

АКШнын жогорку даражалуу өкүлүнүн бул сапары Вашингтондун Борбор Азия мамлекеттери менен байланышты бекемдөө аракети катары кеңири бааланууда. Аймактагы өлкөлөр көп багыттуу тышкы саясат жүргүзүп, ар кандай мамлекеттер менен кызматташууга умтулуп келет.

Рубио Вашингтон аймакта америкалык ишкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнү көздөөрүн белгиледи. Ошол эле учурда АКШ Борбор Азия өлкөлөрүнөн башка ири державалар менен мамилесин чектөөнү же үзүүнү талап кылбай турганын айтты.

Дагы караңыз

Быйыл Орозо айы 8-февралда башталышы мүмкүнТоктогул суу сактагычында суунун көлөмү 11 млрд 345 млн метр кубду түздүКенже класстын балдары үчүн ысык тамактын акчасын көбөйтүү сунушталды