Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Октябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:51

Кенже класстын балдары үчүн ысык тамактын акчасын көбөйтүү сунушталды

Мектеп окуучулары тамактануу учурунда (Архив)
Мектеп окуучулары тамактануу учурунда (Архив)

Кыргызстанда 1–4-класстын окуучуларынын тамак-ашына бөлүнгөн акчаны бир балага күнүнө 14 сомдон 40 сомго чейин көбөйтүү сунушталууда. Агартуу министрлигинин сунушуна негизделген Министрлер кабинетинин токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Документке ылайык, жаңы ченемдер 2027-жылдын 1-январынан тарта киргизилет. Азыркы учурда бир окуучунун тамагына күнүнө 14 сом, же окуу жылына 2520 сом бөлүнөт. Сунуш кабыл алынса, бул сумма жылына 7200 сомго жетет. Натыйжада ар бир окуучуга бөлүнгөн каражат жылына 4680 сомго көбөйөт.

Долбоордун коштомосунда жазылгандай, бул чечим президент Садыр Жапаровдун 10-июндагы тапшырмасын аткаруу максатында даярдалган. Анда 2027-жылга карата республикалык бюджетти түзүүдө мектеп окуучуларынын тамагына күнүнө 40 сомдон бөлүү каражатын караштыруу тапшырылган.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жыл сайын кошумча 2 миллиард 965 миллион 907,1 миң сом талап кылынат. Бул каражатты 2027-жылга жана 2028–2029-жылдарга каралган бюджетте эске алуу Финансы министрлигине жүктөлөт.

Министрлик балдардын жаш курагына жана азыктык муктаждыктарына ылайык, калориялуулугу жана пайдалуу заттары эске алынган аш тизме (меню) да иштеп чыккан. Коомдук талкууда аталган аш тизме менен да кеңири таанышууга мүмкүн.

Мектептердин кенже класстарындагы ар бир окуучунун тамагына күнүнө 14 сомдон 2024-жылдын февралынан тарта бөлүнө баштаган. Ага чейин башталгыч класста окуган балдардын бир маал тамагын мектепте уюштурууга мамлекеттен күнүнө 7 сом бөлүнүп келген.

“Мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүүчү мектептерде окуучулардын тамак-ашын уюштуруу жөнүндө” жобо 2006-жылы кабыл алынган. Бул багытта өкмөткө эл аралык уюмдар да жардамдашат. Окуучуларга шашкеде негизинен ысык чай менен токоч, айрым мектептерде тамак берилет.

Быйылкы окуу жылында Кыргызстанда 146 миң 852 окуучу 1-класска барды. Агартуу министрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө 1,5 миллион окуучу жалпы билим берүү мекемелеринде билим алат.

Өлкөдө 2374 мектеп иштесе, анын 2132 мамлекеттик, 242си менчик. Эмгектенип жаткан мугалимдердин жалпы саны 97 миңдей. (ZKo)

Шерине

​
XS
SM
MD
LG