БУУ каржыдан улам Газа тилкеси үчүн азык-түлүк программасын кыскартууда

Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан-Юнис шаары. 2025-жылдын 5-ноябрында кайрымдуулук ашканасынан тамак-аш алуу үчүн чогулушту

Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (World Food Program, WFP) Газа тилкесинин жашоочуларына азык-түлүктөн жардам берген программаны кыскартарын жарыялады.

Уюмдун маалыматына караганда, буга программанын каржылоосу азайышы себеп. Сентябрда бөлүнгөн каражат 1,6 миллион кишини камсыздоого жетиштүү болчу, жаңы бөлүнө турган акча менен жардам алчулардын тизмесинен Газанын 500 миңдей тургунун кыскартууга туура келүүдө.

Мындан улам жардам көбүрөөк кишиге жетиши үчүн WFP ар бир адамга берилүүчү азык-түлүктүн көлөмүн азайтат. Муктаж адамдар мурдагыдай эки эмес, жумасына бир жолу азык-түлүк алышат жана анын көлөмү да азаят.

Элге таратылып жаткан бир жолку түшкү ысык тамак 250 миңден 150 миңге чейин кыскарат.

"Жетүү кыйын болгон аймактарда, анын ичинде Израил армиясы көзөмөлдөгөн "сары сызыктын" аймагына жакын жашаган үй-бүлөлөр күн сайын эмес, күн алыс ысык тамак алышат", - деп билдирди WFP.

Ошондой эле 75 миң үй-бүлөгө берилүүчү акчалай жардамдын көлөмү да азайтылат.

2025-жылдын октябрында Израил менен Газа секторун көзөмөлдөгөн ХАМАС кыймылы ок атышууну токтотуу боюнча келишим түзгөндөн кийин, WFP ай сайын сектордун 1,6 миллион тургунуна жардам көрсөтүп келген. АКШ жана Евробиримдик ХАМАСты террордук уюм деп тааныган.

WFP азык-түлүк, ун, нан, ысык тамак, балдар үчүн азык, мектептеги түшкү тамактарды таратып, накталай акчалай жардам көрсөтөт. Мындан тышкары, уюм жергиликтүү наабайканаларды колдоп, Газа секторунун калкынын болжол менен үчтөн бирин нан менен камсыздап жатат.

Газа сектору узакка созулган гуманитардык кризистин шартында жашап келет. ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын Саламаттык сактоо министрлиги жашоочулар ачарчылыкты баштан кечирип жатканын билдирүүдө.

Мекеменин маалыматына ылайык, 2024-жылдан бери сектордо ачарчылыктан кеминде 466 адам каза болгон.

Integrated Food Security Phase Classification (IPC) уюмунун маалыматына караганда, 2025-жылдагы элдешүүдөн кийин Газа секторундагы абал кыйла жакшырган. Ошол эле учурда азык-түлүккө муктаждык курч. Болжол менен 72 миң бала кошумча азыктанууга муктаж.

Израил бийлиги IPC'ни маалыматтарды бурмалоого айыптап, Газа секторуна жеткирилип жаткан гуманитардык жардамдын жалпы көлөмү калктын муктаждыгынан ашып түшөрүн билдирип келет.

Дагы караңыз

Харьковдо Орусиянын парктагы чабуулу алты кишинин өмүрүн алды, анын экөө балдар Өзбекстан менен АКШ 12 млрд долларлык макулдашууларга кол койду