АКШ делегациясынын Өзбекстанга сапарынын алкагында өткөн бизнес форумунда соода, инвестиция жана технология тармактарында жалпысынан 54 макулдашууга кол коюлду. Аларды ишке ашыруу үчүн 12 миллиард долларлык долбоорлор каралууда.
Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубионун Самаркандга сапарын чагылдырып жүргөн "Азаттыктын" кабарчысы Алекс Рауфоглу билдирди.
Маалыматка караганда, макулдашуулар эки өлкөнүн экономикалык байланыштарын чыңдоо жана артыкчылыктуу тармактардагы биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү максатын чагылдырат.
Документтер өнөр жайды модернизациялоо, транспорт жана энергетикалык инфраструктура, стратегиялык маанидеги минералдар, каржы кызматтары, санарип технологиялары, айыл чарба, саламаттык сактоо жана билим берүү тармактарын камтыйт.
Транспорт тармагында GE Aerospace компаниясы менен кызматташтыктын алкагында "Өзбекстан аба жолдору" компаниясы үчүн жаңы учактардын кыймылдаткычтарын жеткирүү каралган. Ал эми Wabtec компаниясы менен темир жол техникасын жана тетиктерди жергиликтүү өндүрүшкө киргизүү пландары талкууланууда. Бул демилгелер өлкөнүн өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, технологиялык жаңыланууга өбөлгө түзөрү күтүлүүдө.
Тоо-кен тармагында ReElement Technologies, Traxys жана Trafigura менен минералдык ресурстарды чалгындоо жана өздөштүрүү, технологиялык өнөктөштүк түзүү жана минералдардын эл аралык соодасын өнүктүрүү боюнча кызматташтык каралган. Өзгөчө көңүл стратегиялык маанидеги минералдар тармагындагы мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө бурулган.
Бул келишимдер Өзбекстан менен АКШнын экономикалык мамилелериндеги маанилүү кадам катары бааланууда.
Шерине