АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Өзбекстанда Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда Вашингтон Орусиянын Украинадагы согушун токтотуу боюнча аракеттерин уланта турганын билдирди. Анын айтымында, согуш эки өлкөнүн чегинен чыгып кетиши мүмкүн деген коркунуч жаратып жатат.
Рубио 19-октябрда Самаркандда журналисттерге маалымат берип жатып, АКШнын президент Дональд Трамптын Москва менен Киевдин ортосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аракетин жактады. Ал азырынча олуттуу жылыш аз экенин моюнга алып, АКШ тынчтык келишимине жетишүүгө өбөлгө боло турган бардык мүмкүнчүлүктөргө ачык экенин айтты.
"Бул согушта эч ким жеңген жок. Күн сайын адамдар каза болууда. Күн сайын жардыруу, кыйроолор болуп жатат", - деди Рубио.
Украин бийлигинин маалыматына ылайык, 19-октябрда орус дрону Харьков облусундагы Новая Водолага шаарчасындагы адамдар көп жүргөн борбордук паркка сокку уруп, төрт чоң киши жана эки бала каза болду. Дагы 15 адам жаракат алды.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Telegram баракчасына жабыркагандардын сүрөттөрүн жарыялап, өмүрү кыйылгандардын бири 11 жашар, экинчиси бешик арабада отурган бир жашар кыз экенин жазды. Анын апасы алган жараатынан ооруканада каза болгон.
"Бул сүрөттөр жүрөктү титиретет. Бирок алардын артында талкаланган тагдырлар жана бул согуштун чындыгы турат. Адам өмүрүн коргоо керек. Украинага абадан коргонуу системалары зарыл", - деп жазды Зеленский.
Киев АКШда чыгарылган Patriot ракеталары жана башка коргонуу жабдыктары азайып баратканын айтып келет. Украина жана анын Батыштагы өнөктөштөрү Трамптын акыркы кадамдарына байланыштуу тынчсызданып жатышат. Трамп Орусия менен дизел боюнча келишим түзүлгөнүн жарыялап, "тозоктой" катуу санкцияларды токтотуп койгон. Зеленскийди тынчтыкка жетүүдөгү негизги тоскоолдуктардын бири деп атаган.
Рубионун Өзбекстанга сапары Вашингтондун Борбор Азия менен экономикалык байланыштарын кеңейтүүгө умтулуп жатканын да көрсөттү.
Анын катышуусунда 19-октябрда Самаркандда АКШ менен Борбор Азиянын беш өлкөсүн бириктирген "С5+1" форматындагы жолугушуу өттү. Сүйлөшүүлөрдүн өзөгүн соода, инвестиция, коопсуздук, энергетика жана сейрек кездешүүчү минералдар тармагындагы кызматташтык түзүп, жыйынтыгында Самарканд декларациясы кабыл алынды. Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстандын тышкы иштер министрлери жана Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы кызматташтыкты улантуу тууралуу макулдашты. Сапардын алкагында Өзбекстанга АКШнын 300дөй бизнес өкүлү барды.
Борбор Азияда Кытай негизги соода өнөктөшкө айланып баратканы менен, Орусия дагы эле коопсуздук жана экономика тармагындагы таасирин сактап келет.