Кыргызстанда 2027-жылдын 1-январынан тарта инфляцияны ооздуктоо боюнча мамлекеттик программа ишке кирет. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Алагөзов программа өлкөдө баалардын өсүшүн жайлатып, Борбор Азия мамлекеттеринин арасынан инфляциянын эң төмөнкү көрсөткүчүнө жетүүгө шарт түзөт деген чоң үмүтү бар экенин билдирген. Азырынча программа тууралуу кеңири маалымат жок.
Буга чейин 2026–2027-жылдарга карата бааларды турукташтыруу жана инфляцияны ооздуктоо боюнча программаны ишке ашырууга 35 миллиард сом бөлүнөрү маалымдалган. Программаны ишке ашыруу механизми ачыкталган эмес.
Улуттук банктын билдирүүсүнө ылайык, Кыргызстандагы инфляция августка карата 12% болгон, жыл соңуна чейин 15% жетет. Башкы банк билдиргендей, азык-түлүк товарлардын баалары жыл башынан бери 6,3%га, азык-түлүктөн башка товарларга 5,8%га өстү. Кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө болсо баа 11,1% кымбаттаган.
Улуттук статистика комитети учурда Кыргызстанда инфляциянын деңгээли 8,1 пайызды түзөрүн билдирген. (ZKo)
Кыргызстанда инфляцияны ооздуктоо боюнча мамлекеттик программа иштейт
Иллюстрациялык сүрөт.