Кыргызстанда Интерполдун Улуттук борбордук бюросу түзүлдү

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандагы Кылмыш полициясы эл аралык уюмунун (Интерпол) Улуттук борбордук бюросу түзүлдү. Буга байланыштуу Министрлер кабинети 19-октябрда N 709 токтому менен атайын жобо бекитти. Бул кылмыштуулукка каршы күрөшүү маселелери боюнча Интерполго мүчө болгон чет мамлекеттердин укук коргоо органдары менен натыйжалуу аракеттенүүсүн камсыз кылуу максатында ишке ашканы белгиленген.

Жобо Улуттук борбордук бюросунун укуктук статусун, милдеттерин, функцияларын жана ишин уюштуруу тартибин аныктайт. Бюро Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратынын курамына кирип, түзүмдүк бөлүгү болуп саналат.

Бюродо сегиз киши иштеп, бирөө УКМКнын кызматкери болот.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Интерпол (International Criminal Police Organization – Эл аралык криминалдык полиция) 1923-жылы кылмыштуулукка каршы биргелешип күрөшүү үчүн түзүлгөн эл аралык уюм. Баш кеңсеси Франциянын Лион шаарында жайгашкан. Алгач ага 19 мамлекет кирсе, ушул маалда 196 мамлекет мүчөлүк кылат.

Кыргызстан уюмга 1997-жылы кошулуп, ИИМдин ичинде Улуттук Интерпол бюросу ачылган. Анын алкагында Кыргызстан Интерпол аркылуу кылмышкерлерге эл аралык издөө жарыялап, башка өлкөлөрдөн кармап келет. Ошол эле маалда башка өлкөлөрдө издөө жарыяланган адамдар Кыргызстандын аймагында кармалып, тиешелүү мамлекеттерге экстрадицияланып турат. (КЕ)

Дагы караңыз

Депутат Кожокулова баласын карабаган ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштады Кыргызстанда инфляцияны ооздуктоо боюнча мамлекеттик программа иштейтМадумаровдун өзүнө чыккан өкүмгө каршы арызы Жогорку сотто каралууда Кыргызстанда жаңы авиакомпания ачууга киргизилген чектөө алынды