Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Октябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:29

Мадумаровдун өзүнө чыккан өкүмгө каршы арызы Жогорку сотто каралууда

Адахан Мадумаров Жогорку соттун алдында. 2026-жыл, 20-октябрь.
Адахан Мадумаров Жогорку соттун алдында. 2026-жыл, 20-октябрь.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Адахан Мадумаров ага козголгон кылмыш иши боюнча буга чейинки соттук инстанциялар чыгарган өкүмгө каршы Жогорку сотко кассациялык арыз берди. Арыз 20-октябрда Жогорку сотто каралып жатат. Мекеме “оңдоо иштери жүрүп жатат” деген негиз менен журналисттерди сот залына киргизген жок.

2024-жылы 26-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Адахан Мадумаровду коюлган айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткен деген негизде жаза чегерген эмес. Жети ай Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында жаткан Адахан Мадумаров 26-апрелге караган түнү боштондукка чыккан.

Бишкек шаардык соту 2024-жылдын 10-июлунда Мадумаровго карата Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган өкүмдү өзгөртүүсүз калтырган.

Адахан Мадумаровго эки кылмыш иши козголуп, бир өндүрүшкө бириктирилген. Биринчиси - Кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылган. Президент Садыр Жапаров буга чейинки маектеринде ошол протоколдун айынан Баткендеги Төрт-Көчө талашы жаралганын билдирген. Саясатчы ал протоколдун юридикалык күчү жок экенин айтып келет.

Адахан Мадумаров “Азаттык” радиосуна берген маегинде иш “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси менен тергелип, өкүм чыгардын алдында ал “Бийликтен аша чабуу” беренесине алмашканын айткан. Саясатчынын соту жабык өткөндүктөн, берене өзгөртүлгөнү тууралуу маалымат берилген эмес.

Экинчиси - Чыңгыз Абдымомунов аттуу жаран 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган. Бул факты боюнча “Алдамчылык” беренеси менен кине коюлган. Бул ишке байланыштуу “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаевге да айып тагылган.

Адахан Мадумаров өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, соттун чечимин “жапайычылык” деп баалаган. Ал азыркы бийликти кескин сынга алган саналуу саясатчылардын бири. (BTo)

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG