Кыргызстанга быйыл чет өлкөлөрдөн 292 жаран экстрадицияланды

Иллюстрациялык сүрөт.

2026-жылдын тогуз айында чет өлкөлөрдө кылган кылмышы үчүн соттолуп, сот жообуна тартылган 292 кыргызстандык жаран мекенине экстрадицияланды. Бул тууралуу баш прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева 20-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин жыйынында билдирди.

Анын маалыматына караганда, 2025-жылы 237 кыргызстандык экстрадицияланган. 2024-жылы 128 жаран, 2023-жылы 79, 2022-жылы 54, ал эми 2021-жылы чет өлкөдө кылган кылмышы үчүн соттолгон 66 кыргызстандык жаран жазасынын калган мөөнөтүн мекенинде өтөөгө макулдук берип, Кыргызстанга которулган.

Баш прокурордун орун басары белгилегендей, чет өлкөдө кылмышка айыпталып, соттолгон жаранды Кыргызстанга экстрадициялоо тууралуу ата-эне туугандарынын арызынын негизинде прокуратура органы чет өлкөдөгү укук коргоо органдарына кайрылат. Эгер чет өлкөдө жазасын өтөп жаткан жаран мекенине кайтып, жазасынын калган мөөнөтүн мекенинде өтөөгө макул болсо, анда алар экстрадицияланат. Экстрадиция үчүн эч кандай акы алынбайт.

Ошол эле учурда Кыргызстанда кылган кылмышы үчүн кармалып, соттолгон жаранды мекенине экстрадициялоону башкы прокурор жөнөкөйлөтүлгөн тартипте, экстрадициялык текшерүүсүз мекениндеги күч органдарына кетире алат. Ошол эле учурда чет элдик жаран экстрадициядан баш тартууга укуктуу болот.

Учурда Кыргызстандын канча жараны чет өлкөлөрдө соттолуп, жазасын өтөп жатканы тууралуу маалымат берилген жок.(ZKo)

Дагы караңыз

Мадумаровдун өзүнө чыккан өкүмгө каршы арызы Жогорку сотто каралууда Кыргызстанда Интерполдун Улуттук борбордук бюросу түзүлдүЧет өлкөлүк мугалимдерди киреше салыгынан бошотуу сунушу көтөрүлдүДепутат Кожокулова баласын карабаган ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштады Кыргызстанда инфляцияны ооздуктоо боюнча мамлекеттик программа иштейт