Аба ырайы: Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында үшүк жүрөт

23-25-октябрь күндөрү түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында -1…-3°ка чейин, Чүй облусунун түндүгүндө, Талас облусунун Кара-Буура районунда, Ысык-Көл облусунун Түп районунда -3…-5°ка чейин, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде 0…-2°ка чейин үшүк жүрөт.

Мындай үшүк мөмө жана жашылча-жемиштерге, казылган, жабылбаган картөшкө, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.

21-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан жаайт, тоолуу райондорунда карга айланат. Күндүз жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17;

Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 11…16.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6°, күндүз 15…17° жылуу болот.

Дагы караңыз

"Шайлоодо Ташиев сыяктуу талапкер чыкса альтернатива болмок"Мыйзамсыз миграция уюштургандарга 13 млн сомдук айып пул салындыКыргызстанга быйыл чет өлкөлөрдөн 292 жаран экстрадицияландыМадумаровдун өзүнө чыккан өкүмгө каршы арызы Жогорку сотто каралууда Кыргызстанда Интерполдун Улуттук борбордук бюросу түзүлдүЧет өлкөлүк мугалимдерди киреше салыгынан бошотуу сунушу көтөрүлдү