Орусияда абактагыларды согушка азгыруу токтобой жатканы парламентте айтылды

Орусиядагы абактардын бири. (архив)

Орусияда абакта отурган кыргызстандыктарды Украинадагы согушка үндөө токтобой жатканын Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Кылычбеков парламенттин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин 20-октябрдагы жыйынында билдирди. Депутат Башкы прокуратуранын өкүлүнөн Орусияда кылмышка айыпталып, абакта отурган кыргызстандыктарды кыска аралыкта мекенине экстрадициялоо мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү суранды.

"Мага былтыртан бери балдары Орусиядагы абактарда отурган ата-энелер кайрылып жатышат. Айрымдары кайра-кайра кайрылууга мажбур. Орусиянын прокуратурасына кайрылышса, 11 айга чейин эч кандай жооп болбоптур. Сиздер Орусиянын прокуратурасы менен мөөнөттөрдү кыскартуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жаткан болсоңуздар, экстрадициянын мөөнөтүн тездетүү жолун карасаңыздар. Мага азыр баласы Воркутадагы абакта отурган ата-эне кайрылып жатат. Дээрлик күн сайын согушка үндөп, азгырып жатышыптыр", - деди Кылычбеков.

Баш прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева эгер кыргызстандык жарандар өздөрү экстрадицияга макул болсо, сөзсүз түрдө мекенине алынып келерин, бирок бул убакытты талап кыларын эскертти. Анын сөзүнө караганда, экстрадицияланган жарандар учактар менен 1-2 айдын ичинде алып келинет, бул алардын өздөрүнө жана Жаза аткаруу кызматынын коштоочуларына белет алынышына байланыштуу болот. Ал эми темир жол боюнча транзит менен, Казакстан аркылуу, этап менен келгендиктен, ага Кыргызстандын укук коргоо органдары таасир эте албайт.

Үмүткан Коңкубаева депутаттарга берген маалыматына караганда, ушул тапта чет өлкөлөрдө 1300дөн ашуун кыргызстандык жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Анын 80% ашууну Орусиядагы абактарда.

Украинанын мамлекеттик "Хочу найти" долбоору 2026-жылга карата Борбор Азия өлкөлөрүнүн 13 миңдей жараны Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзгөнүн жана орус армиясынын катарында согушканын же учурда согушуп жатканын апрель айында билдирген. Бул сан алардын жеке маалыматтарын колдонуу менен аныкталганы белгиленген. 

Алардын арасында 1500дөйү кыргыздар экенин белгилүү болгон. Августта Би-би-синин орус кызматы менен "Медиазонанын" журналисттери Украинада орус армиясынын катарында согушуп жүрүп каза болгон Кыргызстандын кеминде 89 жаранынын аты-жөнүн аныктаган.

"Хочу жить" долбоорунун маалыматы боюнча, орус армиясынын катарында согушуп жүрүп 150гө жакын кыргызстандык каза болгон.

"Азаттык" тизмедегилерден сырткары дагы бир канча кыргызстандык кан майданда каза болгонун аныктаган. Кыргыз тектүүлөрдүн айрымдарында эки өлкөнүн, Кыргызстандын жана Орусиянын паспорту бар экени белгилүү болгон.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жарандар өз ыктыяры менен кетип жатканын кайталап, бөтөн элдин согушуна катышуу кылмыш экенин эскертип келет.

13-октябрда министр Жээнбек Кулубаев Орусиядан Украинадагы согушка тартылган мигранттар эртерээк кайрылса аларды кайтарып алып келүү мүмкүн экенин айткан.(ZKo)

Дагы караңыз

Мадумаров соттон акталса, президенттик шайлоого катышмактыгын айтты Опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева 90 жашында дүйнөдөн кайтты"Орусияга баргысы келбегендер көп". Борбор Азиядагы эмгек миграциясы кай жакка оойт? Кулубаев Бишкек Ооганстан жана Африкадан мигрант кабыл алуу сунушун четке какканын билдирдиМыйзамсыз миграция уюштургандарга 13 млн сомдук айып пул салындыКыргызстанга быйыл чет өлкөлөрдөн 292 жаран экстрадицияланды