Башкы прокуратура алдамчылыкка айыпталган жаран Молдовадан экстрадиция болгонун билдирди

Сүрөт Башкы прокуратурадан алынды. 20-октябрь, 2026

Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка айыпталып, эл аралык издөөдө жүргөн А.Р. аттуу жаран Молдовадан кармалып, Кыргызстанга экстрадицияланды. Учурда шектүү тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу 20-октябрда Кыргызстандын Башкы прокуратурасы кабарлады.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал жарандардын ишенимине кирип, автоунаа алып жана сатып берем деген негизде жалпы 15 млн сомдон ашык материалдык зыян келтирген.

Башкы прокуратура тергөөдөн жана соттон чет өлкөлөрдө жашырынып жүргөн адамдарды издөө жана өлкөгө кайтаруу иштерин ырааттуу улантып жатканын билдирүүдө.

Буга чейин Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн бир нече кыргызстандык чет өлкөлөрдө кармалган. Быйыл жазында эл аралык издөөгө алынган кыргызстандык үч жаран кармалган.

Былтыр августта маркум кримтөбөл Рысбек Акматбаевдин жансакчысы, 2007-жылдан бери издөөдө жүргөн Юсуп Юсупов Литвада колго түшкөн. (КЕ)

Дагы караңыз

Мадумаров соттон акталса, президенттик шайлоого катышмактыгын айтты Опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева 90 жашында дүйнөдөн кайттыМадумаровдун өзүнө чыккан өкүмгө каршы арызы Жогорку сотто каралууда Жогорку сот Адахан Мадумаровго буга чейин чыккан өкүмдөрдү күчүндө калтырды