Депутат Мамытов унаа кубаттагыч орнотууга жеке ишкерлерди да тартууну сунуштады

Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов электр унааларын кубаттаган жайларды көбөйтүүнү, бул ишке жеке жактарды да тартууну сунуштады. Парламенттин 21-октябрдагы отурумунда ал энергетика министрлигине кайрылды.

“Шартыңар болбосо жеке жактарга мүмкүнчүлүк бергиле. Рынокто атаандаштык болсун. Рынокту ээн-эркин койсоңор, атаандаштык бар жерде сапат болот. Ушул жагынан да мамлекетке пайда берет. Алар да салык төлөйт. Бир жактуу эмес, эки тарапты карап чечсеңер”, - деди Мамытов.

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Кыргызстандын аймагында электр унааларын кубаттаган жайларды куруу бир гана министрликке жүктөлгөнүн, жеке жактар катышпай турганын билдирди. Анын айтымында, министрлик жылдын аягына чейин 150 кубаттоочу станция курат. Учурда министрликтин алдындагы мекемелер 195 жайды курган. Рысбеков ар бир аймактагы муктаждыктар боюнча талдоо жүрүп, ошого жараша орнотуу иштери болуп жатканын түшүндүрдү.

Быйыл апрелде ишкерлер электр унааларын кубаттоочу жайларды курууга уруксат бербей жатканын айтып, даттанышкан. Алардын айрымдары мурда алган уруксаты да жокко чыкканын, шаймандарды орнотуп алып чыгым тартканын белгилешкен.

Курулуш министрлиги бул иш-аракеттерди убактылуу жөнгө салуучу чара деп түшүндүргөн.

Дагы караңыз

Министр "атомдук станция куруу - мезгил талабы" экенин айттыЭнергетика министри кышында өчүрүүлөр алдын ала эскертилерин билдирдиТрамп Зеленский Орусия менен мунасага келиши керектигин айттыОпера ырчысы Кайыргүл Сартбаева 90 жашында дүйнөдөн кайтты