Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:35

Энергетика министри кышында өчүрүүлөр алдын ала эскертилерин билдирди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков кышында электр энергиясын керектөө кескин өскөндө жүктү жеңилдетүү үчүн өчүрүүлөр болорун билдирди. Бул тууралуу ал 21-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында маалымат берип, өчүрүүлөр тууралуу жарандарга алдын ала мөөнөттөрү бериле турганын тактады.

“Жергиликтүү бийлик менен алдын ала болжолдуу графиктер түзүлөт. Бирок кыш келгенде кайсы жерде кубаттуулуктун жетишпестиги жаралган болсо, ошол боюнча иш алып барабыз. Элге алдын ала маалымат жеткиребиз”, - деди Рысбеков депутат Дастан Бекешевдин суроосуна жооп берип жатып.

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев министрге кайрылып, өчүрүү керектөө кескин өсүп, оорчулук жаралганда “айла жоктон” болорун кошумчалады.

Ал байланыш борборлорундагы кызматкерлердин санын көбөйтүү, абоненттердин кайрылууларына ыкчам жооп берүү үчүн жасалма интеллектти колдонууну сунуштады.

Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, быйыл өлкөдө электр энергиясын керектөө 19,6 млрд кВт/саатка жетери күтүлүүдө. Анын 15,5 млрд кВт/сааты өлкө ичинде өндүрүлсө, 4,1 млрд кВт/саатты импорттоого туура келет. Өлкөнүн жылдык керектөөсүнүн болжол менен 21% импорттун эсебинен жабылат.

2025-жылы Токтогул суу сактагычында суу аз топтолуп, ноябрдын башынан тартып Кыргызстанда калк үчүн электр энергиясынын кубаттуулугуна чектөө киргизилген. Күнүнө эки ирет: эртең мененки жана кечки убактарда “акылдуу эсептегичтерде” 5 кВт кубаттуулук 3 кВтка чейин түшүрүлгөн.

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү тууралуу былтыр май айынан тартып ачык маалымат берилбей калган. Ага чейин күн сайын маалымат берип келген “Электр станциялары” ишканасы мындай билдирүүнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) өңдүү мамлекеттик органдарга расмий кайрылып гана алса болорун билдирген.

Куржундар

Шерине

​
XS
SM
MD
LG