Кыргызстан "Укук үстөмдүгү" индексинде ортодон төмөн упай алды

Кыргызстан “Укук үстөмдүгү” индексинде 0,45 (ортодон төмөн) упай алды. 21-октябрь, 2026-жыл.

Дүйнөлүк “Укук үстөмдүгү” индексинде (Rule of Law Index) 2026-жылга карата Кыргызстанга берилген баа өзгөргөн жок. “Дүйнөлүк адилеттик долбоору” уюмунун (World Justice Project) 21-октябрь күнү жарыялаган индексинде Кыргызстан төртүнчү жылы катары менен 0,45 упай алды.

Индекс сегиз көрсөткүчтөн куралат. Алардын үчөөндө (негизги укуктар, тартип жана коопсуздук, жарандык сот адилеттиги) Бишкектин абалы бир аз начарлап, экөөндө жакшырган, ал эми үчөө өзгөрүүсүз калган.

“Укук үстөмдүгү” индекси 2026-жылы дүйнө боюнча 143 өлкөнү жана аймакты изилдеген. Ага Борбор Азиядан Кыргызстан менен катар Казакстан жана Өзбекстан катышты. Тажикстан менен Түркмөнстан кирген эмес. 2026-жылдын баяндамасында Казакстан 0,53, Өзбекстан 0,50 упай алган.

Жалпы дүйнөлүк көрсөткүчтө Кыргызстан ортолук деңгээлден 0,10 упай, аймактык деңгээлден 0,5 упай төмөн жайгашкан. Кыргызстандан өйдөрөөк деңгээлде Парагвай, Филиппин, Колумбия, Сербия жана Бенин турат. Ал эми төмөнүрөөктө Кения, Буркина Фасо, Эквадор, Либерия жана Беларус келет.

Дүйнө боюнча укук үстөмдүгүнүн абалы эң жакшы бештикке Дания, Норвегия, Финляндия, Швеция жана Люксембург кирген. Ал эми эң начар бештикте Венесуэла, Ооганстан, Гаити, Камбоджа жана Никарагуа турат.

“Дүйнөлүк адилеттик долбоору” уюму (World Justice Project) мындай байкоосун 2015-жылдан бери жүргүзүп келет. Ага башында 102 өлкө кирсе, 2026-жылга чейин 143кө жетти. Баяндаманы даярдоо үчүн 215 миң үй чарбасынын маалыматы талданган, юристтер менен эксперттер 143 өлкөдө 3400 сурамжылоо жүргүзүшкөн. (KbA)

Дагы караңыз

Орусияда абактагыларды согушка азгыруу токтобой жатканы парламентте айтылдыТрамп Зеленский Орусия менен мунасага келиши керектигин айттыПрезидент Жапаров "Мадина" базарынын ордуна шаарча куруларын айттыУкраинадагы жапырт чабуул: Каза болгондор арасында эки айлык ымыркай бар