Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:23

Президент Жапаров "Мадина" базарынын ордуна шаарча куруларын айтты

Садыр Жапаров "Мадина" базарында. 20-октябрь, 2026.
Садыр Жапаров "Мадина" базарында. 20-октябрь, 2026.

Президент Садыр Жапаров Бишкектеги “Мадина” базарынын ордуна элиталык шаарча салына турганын билдирди. Бул тууралуу ал 20-октябрда базардын соодагерлери менен жолуккан учурда айтты.

Жапаров шаарчаны ким курарын жана башка маалыматтарды берген жок. Ал “Мадинанын” соодагерлерин жаңы салынган “Ала-Тоо” базарына көчүүгө үндөп, жеңилдиктер караларын белгиледи.

“Мадина” базарындагы контейнерлерин кымбат баага сатып алганын айткан айрым соодагерлер кенемте төлөп берүү маселесин көтөрдү. Президент алардын алуу-сатуу келишимин карап, Ички иштер министрлигине (ИИМ) контейнердин мурдагы ээлеринен өндүрүп берүү боюнча иш алып барууну тапшырды.

Расмий билдирүүдө жаңы базарды курган ишкер долбоорду аягына чыгара албай, аны өз ыктыяры менен мамлекетке өткөрүп бергени белгиленет. Анын салган каражаты базар киреше бере баштагандан кийин бөлүп-бөлүп кайтарылмакчы. Ишкердин аты-жөнү жана кайтарылчу каражаттын көлөмү көрсөтүлгөн эмес.

"Мадина" базарынын 20га жакын соодагери 14-октябрда кайрадан нааразылык акциясына чыгып, жаңы базарга көчүүгө каршы экенин билдиришкен.

Алардын айтымында, базардын жетекчилиги соода орундарын бошотуп чыгууга 10 күн убакыт берген. Нааразылыкка чыккан соодагерлер өздөрү акча төлөп сатып алган контейнерлерин таштап кетүүгө макул эместигин айтышкан.

30-августта базарда өрт чыгып, 50дөн ашуун контейнер күйүп кеткен.

"Мадина" базарын Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Турсунтай Салимов негиздегени коомчулукка белгилүү. Ал 2023-жылы кримтөбөл атыккан Камчы Көлбаевди каржылаган деген айып менен кармалып, 2024-жылдын март айында үй камагына чыккан. Ошол эле жылы базардын ээси алмашканы белгилүү болгон.

Сот экстремисттик деп тапкан "Клооп" басылмасы менен журналист Болот Темиров 2024-жылы жарыялаган иликтөөдө Салимовдун "Мадина" базары көмүскө аткезчи империя түзгөнү айтылган Хабибулла Абдукадырдын жакындарына, жанындагы жер президенттин жакын адамдарына катталган компанияларга өтүп кеткени белгиленген.

Президент Садыр Жапаровдун администрациясы журналисттик иликтөөдө айтылган маалыматты четке кагып, “президентти жана анын жакындарын каралоо” деп билдирген. Абдукадыр былтыр журналистти жана басылманы журналисттик иликтөөсү үчүн сотко берген.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG