Бишкекте эки ай мурда ачылган "Ырыс Ордо" мамлекеттик конгресс борборунун чатыры түтөп жатат. Социалдык тармактардын колдонуучулары борбордун негизги имаратынын чатырынан түтүн чыгып жатканын көрсөткөн сүрөттөрдү жана видеолорду интернетке жарыялоодо. Анда өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатканын көрүүгө болот.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги азырынча маалымат бере элек.
"Ырыс Ордо" мамлекеттик конгресс борборунун ачылышы 24-августта болгон. Ачылыш аземине президент Садыр Жапаров, учурдагы жана мурдагы мамлекеттик кызматкерлер, депутаттар, саясатчылар, коомдук ишмерлер, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана журналисттер катышкан.
Расмий маалыматка ылайык, борбордун жалпы аянты 39 миң чарчы метрден ашат жана бир учурда эки миңден ашуун кишини кабыл ала алат. Комплексте 1238 орундуу «Курултай» конференц-залы, 1000 орундуу банкеттик зал, 235 орундуу пресс-зал жана расмий делегациялар үчүн сегиз конок үйү бар.
Жапаров бул жерде Элдик курултайдын жыйындарын, мамлекет башчыларынын жолугушууларын, эл аралык форумдарды, анын ичинде ШКУ, ЖККУ, ЕАЭБ жана Түрк мамлекеттер уюмунун саммиттерин өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн айткан. «Ырыс Ордо» толугу менен мамлекеттик каражатка курулган.(КЕ)