Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:24

БШК соцтармактын үч колдонуучусуна "үгүт тартибин бузганы" үчүн эскертүү берди

БШК имараты.
БШК имараты.

Бүгүн, 21-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясында (БШК) үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумуш тобунун жыйыны өттү. Анда социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн белгиленген мөөнөттөрүн жана шарттарын сактоо талаптарына каршы келген материалдар аныкталып, каралды.

Шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбеген материалдарды жарыялаган социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Санжарбек Тилековго, Айбек Теңизбайга жана Туратбек Мусакеевге эскертүү берилип, билдирүүлөрүн өчүрүүгө милдеттендирилди. Аталган жарандар мындан ары мыйзам талаптарын сактоого жана ушул сыяктуу эреже бузууларга жол бербөөгө даяр экендигин билдиришти.

БШК үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин жүргүзүүгө тыюу салынарын дагы бир жолу эскертүүдө. Бул талап шайлоо алдындагы үгүттүн мыйзамдарда каралган бардык формаларына жана ыкмаларына, анын ичинде социалдык тармактарда жана башка интернет-ресурстарда материалдарды жайгаштырууга жана таратууга да тиешелүү.

БШК жарандарды, талапкерлерди, алардын өкүлдөрүн, саясий партияларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого, мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин шайлоо алдындагы үгүт иштеринен оолак болууга чакырат. Ошондой эле социалдык тармактарда маалыматтарды жайгаштырууда жана таратууда жоопкерчиликтүү мамиле кылууну сунуштады.

БШК 19-октябрда да ушундай эле мазмунда эрте үгүт иштерин жүргүзгөн социалдык тармактардын айрым колдонуучуларына эскертүү берген.

Кыргызстанда президенттик шайлоо кийинки жылдын 27-январына белгиленген. Талапкерлерди көрсөтүү жараяны 25-сентябрда башталган. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, президенттикке талапкерлерден документ кабыл алуу шайлоого 75 күн калганда, 13-ноябрда токтойт. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 23-декабрдан 26-январга чейин жүргүзүлөт.

Ал тапта президенттик шайлоодо үгүт өнөктүгү расмий баштала электе үгүт элементтери камтылган материалдар жайылтылып жатканын айткандар чыгууда. Байкоочулар мындай видеолор көбүнчө азыркы президент Садыр Жапаровду мактаган мазмунда болуп жатканын белгилешет.

Мисалы, Инстаграмдагы elchapa баракчасынын ээси да видеокайрылуу жасап, азыркы президент өлкөнү башкарууну улантышы керек деген пикирин билдирген.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, үгүт өнөктүгү расмий башталганга чейин кайсы бир талапкерди колдоо же ага каршы үгүт жүргүзүүгө мыйзам тыюу салат.

Комиссия мындай материалдарды текшерип чыгарын билдирген.(КЕ)

Шерине

​
XS
SM
MD
LG