мазмуну
- Айзея-Илебай Массачусетс штатындагы Шэрон шаарында 12-класста окуйт. 18 жаштагы жазуучу үч китептин автору. Биринчи китеби 13 жашында жарык көргөн. Чыгармалары: "Караңгылык каптаганда" (The Wave of Darkness, 2022), "Темир чеп" (The Metal Fortress, 2023), "Чынарды жалмаган жалын" (Conflagration of Sycamore, 2026) isaiahgong.com
Токтосун апанын элесине
"Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы" дейт кыргызда. Кыргыз кыргыз болуп жаралганы көп нерсе өзгөрдү. Бирок ошонун бардыгы кээде мурдагы эле калыбындай туюлат. Атам турмуштагы өзгөрүүлөрдү тирүүлүк ушундай деп айтаар эле. Бирок эмнегедир биз аны толук аңдап, кабыл алган жокпуз. Бир кезде көчмөн болсок ал заман артка кайткыс болуп зымырады. Өзгөрүүлөр жаздын жеңил шамалындай эле мелүүн өтүп кеткен жок. Ар бир өзгөрүү элдин кан-жаны менен өттү. Как толтого найза сайылган, ары каардуу, ары кандуу замандар өттү кыргыздын башынан...
Тоо-ташты аралап жайылып жүргөн жылкы менен койго көз сала телмирдим. Бозоргон тоолордун учу барып асман менен биригип, батып бараткан Күндүн алтын нуру шамалга термелген чөптү боёп турду. Мен муну акыркы ирет көрүп турамбы?
Кызыл-Туу
Менин көчмөн бабаларым эзелтеден бери, жер жер болуп, тоо тоо болуп жаралгандан бери ушул жерде жашаган. Эми андан айрылганы турабыз... Ата-бабадан берки кубаныч-кайгыбызга ортоктош жер. Ошол ыйык жерди кантип башкаларга ыраа көрөм... Үрөйүм учуп, жүрөгүм сыздап турду. Бирок алсызмын. Ошол эле маалда жубайым Жекешти, балдарымды ойлоп чымырканам.
Бир туугандарымдын ортончусу Рыскул байкуш эки ай мурун ушул жерде туруп, баарын астын-үстү кылып, эсибизди оодарган.
- Эсиңе кел! – деди улуу агабыз Маматкул Рыскулду боз үйдүн керегесин көздөй түртүп.
- Ок алайын деп койду саттым, - деди Рыскул тапанчаны октоп жатып. - Эгер алар жеримди тартып ала турган болсо сөөгүм чыгат. Эч жакка кетпейм!
- Мен сени кеткин деп атам! Адегенде эле сага келишет, аларды эч ким токтото албайт. Сен үй-бүлөңдү алып качасың, артыңда мен калам дебедик беле. Үй-бүлөңдү ойло. Жериңди алса да өзүң тирүү каласың. Сенин кара жаның аман калсын! - деп Маматкул инисине жалбарды.
- Жерибизди кантип таштайбыз! Биздин ата-бабанын тарыхы талаада калабы? Биздин Солто бабабыз коргогон жер. Атабыз Элебай түптөгөн бул журтту! Андан көрө өлүм артык!
Бир нече айдан кийин Рыскулдун мал-мүлкү совет өкмөтүнө өтүп, Херсонго сүргүнгө айдаганга чейин эле өзү жарыкчылык менен кош айтышты. Эмнеден өлгөнү беймаалым бойдон калды. Ал шум ажалга баш ийгени менен ата-бабасынын намысын тебелеткен жок. Рыскулдай көкжалдык менде болсо гана эле...
Кечки салкында комузду колума алып, күүлөй баштадым. Комуздун кылы дирилдеген сайын кайгы-муңум күүгө айланып, теребел жымжырт. Комуздун кайрыгы көкүрөктөгү жаратты кайра козгоп, бир тууганымдын элеси улам алыстап, муңдуу обонго айланды. Комуз күүсү ансайын боздоп-сыздап, таңзаарда мекенинен алыстап бараткан тулпарга айланды.
...Боз үйдөгү той. Сакалдуусуна карап устукан тартылып, ак сакалы жайкалган манасчы карыя, беш бармак, куурдак жеп, кымыз ичкендер. Калпак кийгизип, чепкен жапкан шатырма-шатман заман эсиме түшүп, көкүрөктү жылуу сезим уялады. Биринчи жолу тойго барганым азыр да эсимде. Эки иним болуп, атабыздын эки тизесин баса отуруп, төрдө отурган аксакалдын комузда кол ойнотконун көргөнбүз. Ал күнкү керемет обон бүтүндөй тулкума өмүр бою сиңген эле.
- Кулчар!
Маматкул чор болгон колдорун далыма коюп, эсиме келтиргендей болду. Түн кирип калыптыр.
- Сен жолго чык!
- Болгон кымбат оокатты жок кылдык - дедим бир аз демимди ичиме алып.
- Эми алар бизди өлүп кетсин деп талап кылууда. Бул жер эзелтеден биздин жер. Биз киши өлтүргүч эмеспиз. Эмнеге ар-намысыбызды тепсетебиз?
- Рыскулдун тагдырын кайталабаш керек, - деди Маматкул. Экөөбүз тең бири-бирибизди карап калдык. - Пишпек алыс эмес. Совет бийлигинен из жазгырып казак качкындарына аралашып кет. Мен калам. Сенин өмүрүң үчүн кеңеш өкмөтүнүн жазасын өз мойнума алам. Дагы бир тууганымдан ажырай албайм.
- Сени Херсонго айдашат! Айылдыктардан баарын уктум. Айбандардай кир вагондорго кубалап тыгып, жегенге да, ичкенге да эч нерсе бербейт деп уктум. Заара кылуудан айбыккан аялдар табарсыгы жарылып кетип өлсө да мейли дешет экен. Ал эми аман калган жетим балдар бөтөн жерде өсөт.
- Мен дагы андайды далай уктум, бирок бул жактагы бизди ойлобо, - деди Маматкул муңайган жүзүн бир аз жылмаюу аралап.
- Аман жүр. Биз кайтпасак дагы балдарым келээр.
- Мен бир боорумду акыркы жолу кучактадым. Үйгө баратканда ай толуп туруптур. Улам алыстап бараткан Маматкулдун караанына тигилдим. Бир тууганымды акыркы жолу көрүшүм эле.
***
Маматкулдан кеткенинен бери он жылга аяк басты. Ошол тагдырыбыз кесилген түнү биз Пишпекке аттанганда совет өкмөтүнүн желдеттери биздин үй-бүлөнүн мал-мүлкүн алганы баратышкан экен. Украинадан Маматкулдан эч кандай кат-кабар келген жок. Бирок жүрөктүн түпкүрүндө ал качандыр бир күнү кайтып келет деген үмүт өчпөдү.
Кулакка тартуу күч алганда казактардын арасында бир нече жыл жашырынып жашагандан кийин туулган айылым Кызыл-Тууга кайтууну чечтим. Айылдан бир түп өрүк, кой-уй менен кошо элге тийгендей жер тилкеси берилди. Өрүк жыгачтан комуз чабайын деп даракты кыйдым, анан үй салууга ылайдан кыш куя баштадым.
Эми жер ошол эле бойдон, баягы тоо. Ар бир ташы көзгө тааныш. Жылкы менен кой жайылып оттоп жүрөт. Бирок жүрөгүмдүн түпкүрүндө башка нерсе. Эгер Рыскул тирүү болгондо бул жер ээсиз калмак эмес. Маматкул кайтып келсе күйүттөн арылар белем?
Бир күнү эртең менен жыгач-таш кармап жатсам Жекеш чуркап келди.
- Эмне болду?
- Күн сайын уйду саап, чымын-чиркейден далдоо болсун деп чаканы сүтү менен эки устундун ортосуна илип коём. Күн сайын эле бир маалда чакам бош илинип калат.
- Мындан ары дагы сүт толтуруп, чаканы ошол жерге илип коюп тур, - дедим Жекешке.
Сүргүнгө келип айылда жүргөндөр тамак-аш уурдап жатат дегенди ага чейин кулагым чалган. Айрым айылдыктар тамак-ашын катышчу. Бирок ал байкуш чоочундар сүргүнгө айдалып, узак жолдо поездден аман калгандар гана.
Чечендер, ингуштар, күрддөр, түрктөр. Алардын айрымдары оор жаракат алса, көбүнүн сөөгү менен териси эле калган. Кайгы-муңга баткан көздөрүнөн чарчап-чалыгуу даана көрүнөт. Бир тууганым Маматкулдай алар дагы коммунисттик машинанын каарын тартып, үстүндөгү бир сыйра кийими менен алыска айдалгандар. Алардын армандуу көздөрүнө карап туруп тагдыр бизди тирүүлөй ажыраткан Маматкул менен бейкүнөө оо дүйнөгө кеткен Рыскулду эстедим. Жүрөктөгү ушунча арманы менен адам кантип жашайт? Туулган жерин кайрылып бир көрбөгөн бир тууганымды үй-бүлөсү менен талаага таштап кеткен айыбым менен кантип жашайм? Бирок баарына чыдадым, кара башым үчүн эмес, бир чоң үй-бүлөнүн тукумун улайын деп жашай бердим.
Кулчар ата
Жашоо уланды. Там салууга кириштим.
Бир ай бою күн сайын эртең менен Жекеш эки устунга байланган жипке бир чака сүт илип коет. Күн сайын чака бош калат. Бир күнү үй тарапка өтүп баратып сүт куюлган чакага эч ким тийбегенин байкадым. Жекешти чакыргыча артыма кылчайсам беш киши оор мүшөктөрдү, дат баскан балтасы менен ийилген араасын көтөрүп туруптур. Узун бойлуу, ак жумал тарткан, коюу сакалчан эркектер экен.
Эң алдыда турган кишини тике карасам азаптан кутулбаган муңдуу көздөрү карегиме кадалды. Ал кайраты, майышпаган кара күчү менен гана аман калганы сезилди. Колумдагы күрөгүмдү бекем кармап, ансыз да көптү көргөн коркок жүрөк эмне болсо да даяр тур деген белги берди. Күмүш түстүү, көмүрдөй кара карегине тигилип эмне ниети барын билгим келип, мен да көзүмдү албадым. Анан ошол чоочун, бөлөк-бөтөн көздөрдөн өзүмдү көрдүм. Коюу күрөң, чарчаган, бирок тикирейген өз көздүмдү көрдүм. Буга чейинки тагдырымдын татаал сыноосун, жоготууларды, чокко күйгөн колдорумду, бырыш баскан жүзүмдү көрдүм. Тагдыр улам тургузуп, кайра тизелетсе дагы сынбаган, баарына даяр болгон калдайган ишенимдүү турпатымды көрдүм.
Ошол саамда бири-бирибизди түшүндүк. Алдыдагы киши дагы көзүн менден албай, башка тилде эки кишиге мүшөктөрүн ач деди. Ичи толтура кыш экен. Калган төрт киши менин үйүмдүн курулушуна киришкенде гана тиктешкен көздөрүбүздү токтоттук.
Мен алыстагы боз тоолорго, жапжашыл жерде жайылган койлорго назар салдым. Бул атам көргөн, анын атасы, бабаларым жүргөн жерлер эле. Алардын арбагы асмандан карап турганын сездим. Маматкулдун караганын, Рыскулдун караганын, маркум уулум Ашымбектин караганын жана тиги дүйнөгө эбак кеткен ага-тууганымдын арбактарын сездим. Көкүрөк күчүгүм Токтосундун элесин көрдүм. Анын атын атайын азап-тозок токтосун деп койбодук беле.
Атам көзү тирүүсүндө турмушта, тирүүлүктө бардык нерсе өзгөрөрүн, бирок ата журтуң гана түбөлүктүү экенин айткан. Бизди көчмөн кылган нерсе да ошол. Чоң атамдан калган чыптаманы кийип, Пишпектеги (азыркы Фрунзе) заводдо жасалган күрөктү кармап турдум. Мен өзгөрүп жаткан доордун босогосунда турдум. Бирок биз не деген заманды баштан өткөрүп, ким болгонубузду унутпайм. Мен тукумубуз уланып жатканын көрдүм. Ошол ыйык мурас. Ал ысык-суукта чор болгон менин гана колдорум эмес. Биздин укум-тукумубуз - адам өмүрүн улаган хирург, миң кырдуу музыка жараткан пианист, колунан көөр төгүлгөн техник. Алар жер кыдырып, дүйнө жүзүнө тараганын көрдүм. Мен ошого каниет кылам. Алар ата-бабасынын башынан өткөнүн унутпасын.
Бул биздин тарых...