Украин аскерлери 25-октябрга караган түнү жана жекшемби күнү эртең менен Орусиянын бир катар аймактарына сокку урду.
Пермь крайынын губернатору Дмитрий Махониндин маалыматына ылайык, аймакта өнөр жай ишканасына чабуулда беш киши жаракат алды.
Украинанын мониторинг жүргүзгөн каналдары сокку "АВИСМА" титан эритмелерин өндүргөн ишканага, Березники шаарындагы заводго тийгенин жазышууда.
Махониндин айтымында, "өнөр жай объектиси" зыян тартып, ишин улантууда.
Белгородго да дрондор менен жапырт сокку урулду.
Белгород облусунун губернатору Александр Шуваев чабуулдан бир адам каза болуп, кеминде 14 киши жаракат алганын билдирди. Анын айтымында, соккунун кесепетинен 30 көп кабаттуу турак жай, ошондой эле административдик имараттар, коммерциялык жана социалдык объектилер жабыркады. Жарыяланган сүрөттөр менен видеолордон көрүнгөндөй, соккуга "МегаГринн" соода, көңүл ачуу борбору да кабылган.
Курск облусунун губернатору Александр Хинштейн аймакта болжол менен 11 миң адам жарыксыз калганын, бир киши жабыркаганын жазды. Анын маалыматына ылайык, соңку сутка ичинде облус аймагында 174 дрон атып түшүрүлгөн.
Орусиянын Коргоо министрлиги билдиргендей, түн ичинде 500дөн ашуун украин дрону атып түшүрүлгөн. Бул маалыматтарды көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес. Украин армиясы соккулар тууралуу азырынча комментарий бере элек.
Ишембиде Омскидеги өнөр жай аймагына жапырт урулган. Маалыматтарга караганда, анда башкы бутага мунай иштетүүчү завод алынган эмес. Мындан тышкары "Тамань" көмөк чордонуна чабуул болуп, аннексияланган Крымда электр энергиясы үзгүлтүккө учураган.