Көк бөрү боюнча Кыргызстандын биринчилигин Чүй облусу жеңди

Көк бөрү боюнча Кыргыз Республикасынын биринчилигин Чүй облусунун командасы жеңди. 25-октябрда Ош шаарындагы Төлөйкөн ат майданында өткөн финалдык беттеште Чүй командасы Талас облусунун улакчыларын 8:4 эсебинде утуп алышты.

Ушул эле күнү 3-орун үчүн беттеште Ош облусунун командасы Ысык-Көл облусунун көк бөрүчүлөрүн 9:5 эсебинде жеңип алышкан.

Көк бөрү федерациясынын сайтындагы маалыматка таянсак, Чүй облусу менен Талас облусунун көк бөрү командалары ушуну менен өлкө биринчилигинин финалында катары менен үчүнчү жолу беттешишти. Буга чейин эки жолу (2022-ж., 2025-ж.) таластык улакчылар мөөрөйдү алышкан. Ошондой эле Чүй командасы ушуну менен 2018-жылдан бери өлкө биринчилигинин финалында катары менен алтынчы жолу ойноп, төртүнчү жолу чемпион аталды (2018-ж, 2019-ж., 2021-ж., 2026-ж.).

Көк бөрү боюнча Кыргыз Республикасынын биринчилиги 21-октябрда башталган. Ага аймактардан жана Ош шаарынан алты команда катышкан. Бул биринчиликке Нарын жана Жалал-Абад облустарынын командалары катышкан эмес. А тайпасына Ош шаары, Ош облусу жана Талас облусу бөлүнсө, В тайпасында Баткен, Ысык-Көл жана Чүй облусунун улакчылары ойношкон. (ECh)

Дагы караңыз

Кытай компаниясы Өзбекстанда 5 миң машина менен такси кызматын ачууну көздөөдө“Памирдеги кыргыздар менен жашап келдим”"Тирүү келсе экен дейбиз". Ирак түрмөсүндөгү кыргызстандык аялдар