Бразилиядагы президенттик шайлоо: Экинчи айлампада Лула да Силва жеңди

Луис Инасио Лула да Силва президенттик шайлоонун экинчи айлампасында жеңишке жеткенден кийин Бразилиянын Сан-Паулу шаарында. 2026-жылдын 25-октябры

Бразилияда 25-октябрда өткөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасында солчул "Эмгекчилдер партиясынын" лидери Луис Инасиу Лула да Силва жеңишке жетти.

Добуштардын 99 пайыздан ашыгы саналгандан кийин ал шайлоонун биринчи турунда жеңишке жеткен 45 жаштагы оңчул-консервативдүү сенатор Флавиу Болсонарудан (соттолуп, жазасын үй камагында өтөп жаткан мурдагы президент Жаир Болсонарунун уулу) озуп чыкты.

Шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, Лула шайлоочулардын 51,8 пайыз добушун алып, атаандашы 48,2 пайыз добуш топтоду. Луланы 64 миллиондон ашык шайлоочу колдосо, Болсонаруга дээрлик 60 миллион адам добуш берген.

Бул Бразилиянын саясий тарыхындагы өзгөчө учур катары бааланууда. Анткени өлкөдө биринчи жолу шайлоонун биринчи айлампасында утулган талапкер экинчи айлампада жеңишке жетишти.

Ошентип, Лула Бразилиянын тарыхында төрт жолу президент болуп шайланган алгачкы саясатчы болду.

80 жаштагы саясатчы өлкөнү буга чейин эки мөөнөт катары менен, 2003-жылдан 2010-жылга чейин башкарган. 2023-жылы үчүнчү жолу президенттик кызматка шайланган.

Жаңы өкмөттүн алдында бир катар саясий кыйынчылыктар турат. Октябрдагы парламенттик шайлоодо эң жакшы көрсөткүчтү оңчул-консервативдүү Либералдык партия алып, парламентте олуттуу таасирге ээ болду. Мындан улам Лулага өз саясатын жүргүзүү үчүн саясий атаандаштары үстөмдүк кылган парламент менен иштешүүгө туура келет.

Серепчилердин баамында, Луланын жеңиши Бразилиядагы солчул күчтөрдүн кайрадан бекемделгенин көрсөтсө, парламенттин азыркы курамы өлкөдөгү саясий атаандаштык жакынкы жылдары да уланарын айгинелейт.

Дагы караңыз

“Ош базары” жаңы ордуна 2027-жылдын жазында көчүрүлөтПрезидент мектептердеги рэкетчиликке катуу чара көрүлөрүн айттыАлександр Вучич парламенттик шайлоодо жеңилгенин моюнга алды