Мамлекеттик Салык кызматы Бишкек шаарында алкоголдук продукцияны мыйзамсыз өндүрүү фактыларын аныктады.
Салык кызматынын маалыматына караганда, Бишкектин Ленин жана Биринчи май райондорунда жайгашкан жер үйлөрдө спирт ичимдиктерин үй шартында мыйзамсыз даярдалып келген.
Аныкталган фактылар боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жатканы кабарланды.
Кыргызстанда жарандар жасалма алкоголдук ичимдиктерди ичип ууланган учурлар катталган. (ZKo)