Коомдук ишмер, укук коргоочу Рамазан Дырылдаев 79 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу маркумдун жакындары кабарлашты.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Кыргызстан Адам укугу комитетинин негиздөөчүсү Рамазан Дырылдаев 1947-жылы Чүй өрөөнүндө туулган.
Юридикалык жогорку билим алган соң, Ички иштер тармагында иштеген.
1992-1995-жылдары легендарлуу парламенттин депутаты болгон. 1995-жылы Париждеги, Женевадагы, Венадагы эл аралык укук коргоо уюмдарынын мүчөсү болгон Кыргызстан Адам укугу комитетине төрагалык кылган.
2000-жылдары Кыргызстандан чет өлкөгө башпаанек алып чыгып кетип, Европада жашаган. Өмүрүнүн акыркы жылдары Түркияда жашап жүргөнү айтылууда.
Кыргызстандан четте жашаганы менен, өлкөнүн коомдук-саясий турмушуна аралашып келген. 2010-жылы парламенттик шайлоого "Азаттык" партиясынын тизмесинде барган. Ошол эле жылы "Жаңы Багыт" саясий партиясын түптөгөн.
2013-жылы өмүр бою эркиндигинен ажыратылган кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан чыгарылышын иликтөө боюнча түзүлгөн коомдук комиссияга, 2022-жылы «Кумтөр голд компани» ишканасы Кыргызстандын карамагына өткөндөн берки анын алтын казуу, сатуу ишин жана компаниянын ишмердүүлүгүн изилдей турган коомдук комиссияга мүчө болгон.
"Азаттык" маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.