Европа биримдиги кыргыз өкмөтүнүн алма импорттоого убактылуу тыюу салуу жөнүндө демилгесине тынчсызданууда. Бул тууралуу Евробиримдик Министрлер кабинетинин Кыргызстанга сырттан алма алып кирүүгө убактылуу тыюу салуу тууралуу токтомунун долбооруна карата сунушунда билдирди.
Евробиримдик импортко тыюу салуу Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) эрежелерине туура келбесин жана туруктуу жана узак мөөнөттүү ишкердик байланыштарды түзүүгө тоскоолдук жаратарын белгилеген. Ошондой эле бул Евробиримдик менен Кыргызстандын ортосунда кол коюлган Өнөктөштүк жана кызматташтыкты кеңейтүү жөнүндөгү макулдашуунун максаттарына да каршы келери айтылган.
"Импорттук чектөөлөрдүн күтүүсүз киргизилиши алма экспорттоочуларга гана эмес, Кыргызстандын рыногуна кызыкдар болгон башка европалык соодагерлерге да терс белги берет", - деп жазылган сунушта.
Кыргызстандын Министрлер кабинети өлкөгө алма импортун 2027-жылдын 1-февралына чейин чектөөнү сунуштап, токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Сунуштаманын негиздемесинде бул кадам алма түшүмү жыйналган мезгилде аны өз убагында сатууга шарт түзүүнү жана сатылбай калган азыкты азайтууну көздөй турганы айтылган.
Министрлер кабинетинин маалыматына караганда, Кыргызстанда мөмө берүүчү алма бактарынын аянты 26 324 гектарды түзөт. 2026-жылы 179 393 тонна алма жыйналган.
2025-жылы сырттан 2 960,36 тонна алма алып кирилген болсо, быйылкы сегиз айда 6 438,9 тонна алма импорттолгон. Бул 2025-жылдагы импорттун көлөмүнөн 2,18 эсе көп. Кыргызстанга быйыл Польшадан 3 554,1тонна, Кытайдан 1 696,8 тонна, Өзбекстандан 859,7 тонна алма алып келинген.
Ошол эле учурда быйылкы сегиз айда чет өлкөлөргө Кыргызстандан 10 779,52 тонна алма экспорттолгон. Бул 2025-жылдын сегиз айындагы көрсөткүчтөн 13,3 пайызга аз. (ZKo/KbA)