Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:28

КУЭТ электр жарыгын керектөө кескин көбөйгөнүн билдирди

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Кыргызстан улуттук электр тармагы” (КУЭТ) ишканасы өлкөдө күндүн кескин сууктаганына байланыштуу электр энергиясын керектөө кыйла көбөйүп, 27-октябрда суткалык керектөө 64 млн 318 миң кВт/саатка жеткенин билдирди.

Компаниянын маалыматында бул - күз мезгилинде катталган эң жогорку көрсөткүч жана 2025-жылдын ушул эле күнүнө салыштырмалуу 16 млн 449 миң кВт/саатка көп. 2025-жылдын 27-октябрында электр энергиясын суткалык керектөө 47 млн 869 миң кВт/саатты түзгөн.

“Салыштырып айтсак, электр энергиясын суткасына 66 млн кВт/саат жана андан көп керектөө адатта кыштын эң суук айларынын бири болгон декабрда байкалат. Бирок быйыл электр энергиясын керектөө октябрь айында эле декабрдагы кышкы көрсөткүчтөргө жакындады. Электр энергиясын керектөөнүн өсүшү, биринчи кезекте, аба ырайынын суукташы жана электр менен жылытуучу шаймандардын көбүрөөк колдонулушу менен байланыштуу. Натыйжада электр тармактарына, трансформаторлорго жана башка жабдууларга түшкөн жүктөм кыйла көбөйүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

“Кыргызстан улуттук электр тармагы” калкты эртең менен жана кечинде электр жарыгын керектөө эң жогорку чекке жеткен сааттарда аны сарамжалдуу пайдаланууга чакырды.

Кыргызстан 2026-жылы 19,6 млрд кВт/саат электр энергиясын керектейт деп эсептелсе, анын 15,5 млрд кВт/сааты өлкөдө өндүрүлөт. Калган бөлүгүн суунун көлөмүн төмөндөтпөө жана сууну сарамжалдуу пайдалануу үчүн 4,1 млрд кВт/саат электр жарыгы импорттолот.

Кыргызстан өзү өндүргөн электр энергиясы керектөөнү толук жаппайт. Ушундан улам жыл сайын күз-кыш мезгилине Казакстандан, Түркмөнстандан, Өзбекстандан жана Орусиядан электр жарыгын сатып алат. (BTo)

Шерине

​
XS
SM
MD
LG