Кыргызстанда тогуз айда жол кырсыгынан 572 адам каза болду

Ош-Эркештам жолунда турган жол коопсуздук кызматкери. 2025-жыл

2026-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстанда жол кырсыгынан 572 адам каза болгон, анын ичинде 88и балдар.

Жыл башынан берки сегиз айда өлкөдө 3 624 жол кырсыгы катталган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,4 эсе аз. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети Башкы прокуратуранын укуктук статистика жана маалыматтык технологиялар тармагындагы мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыгынын маалыматына таянып билдирди.

Катталган жол кырсыктарынын эң көп үлүшү Бишкек шаарына туура келип, жалпы көрсөткүчтүн 27,4 пайызын түзгөн. Экинчи орунда 24,2 пайыз менен Чүй облусу турат. Ал эми Ош облусунда кырсыктардын 14,8 пайызы катталган.
2026-жылдын тогуз айында жол кырсыктарынан 5 519 адам жабыркаган. Бул 2025-жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу 39,2 пайызга аз. 572 адам жол кырсыгынан каза болгон, бул өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 10,1 пайызга төмөндөгөн.

Балдардын катышуусунда 1 015 жол кырсыгы катталган, бул да былтыркы ушул мезгилге салыштырмалуу 39,7 пайызга аз.

Мындан тышкары, мас абалында автоунаа айдаган айдоочулардын саны да былтыркы сегиз айдагы көрсөткүчтөн 1,4 эсе азайган.

2025-жылы өлкөдө 8 456 жол кырсыгы катталып, андан 900 киши каза тапкан. Дагы 12 миң 169 адам ар кандай жаракат алган.

Кырсыктарга автоунааны катуу айдоо, каршы тилкеге чыгуу, ичимдик ичип рулга отуруу жана айрым автожолдордун талапка жооп бербегени негизги себеп экени айтылып келет.

Жол кырсыгын алдын алуу максатында былтыр өлкөдө жол эрежелерин катаалдаштыруу жана айдоочулук күбөлүк алуунун жол-жобосун күчтөндүрүү тууралуу бир топ чечимдер кабыл алынган.
Айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн он ай окуу системасы ишке киргизилип, менчик автомектептер жоюлган.(ZKo)

Дагы караңыз

Тажик бийлиги Рогун ГЭСиндеги окуяга резервуардын жарылышы себеп болгонун маалымдады Журналист Махабат Тажибек кызы сотто көрсөтмө берип бүттү“Тазалык” ишканасына 92 миң сом айып пул салындыИспанияда эки поезддин кагылышуусунан каза тапкандар 60тан ашты