Саудия хусилердин баллистикалык ракетасын атып түшүргөнүн билдирди

Түрки ал-Малки.

29-октябрда Йемендеги Иран колдогон хуси козголоңчуларына каршы Сауд Арабиясы баштаган коалиция өлкө аймагына учурган баллистикалык ракетаны абадан коргонуу күчтөрү жок кылганын маалымдады.

Коалициянын өкүлү Түрки ал-Малкинин айтымында, ракета өлкөнүн Чыгыш провинциясын көздөй багытталган. Аны абадан коргонуу каражаттары кармап, талкаланган.

Кол салуу коркунучуна байланыштуу Сауд Арабиясынын бийлиги өлкөнүн түштүк-батышындагы Нажран аймагында жана Чыгыш провинциясында эскертүү жарыялаган. Бирок бир нече мүнөттөн кийин эки аймакта тең коркунуч жоюлганы кабарланган.

Акыркы жумаларда хусилердин Сауд Арабиясына чабуулдары күчөдү. Эр-Рияддагы эл аралык аэропортко урулган ракета соккусу өлүмгө алып келди.

Төрт жыл мурда жарыяланган, бирок толук сакталбай келаткан тынчтык келишиминен кийин Йеменде согуш аракеттери быйыл июлда кайра күчөдү. Буга АКШ менен Ирандын ортосундагы чыңалуу да себеп болгону айтылууда.

Хусилер Йемендин Сауд Арабиясы колдогон эл аралык деңгээлде таанылган өкмөтүнө каршы күрөшүп келет.

Дагы караңыз

"Арстанбапка да жетти". Сасык дарак Бишкекти чөлгө айлантабы?Днепрде Орусиянын жарандык поездге соккусунан 13 адам каза болду, 10дон көбү жарадар ИИМ Мадумаровго кол салуу болгону тууралуу маалыматты четке кактыАба ырайы: тоолуу аймактарга кар жаайт